Кыргызстанда коронавирустун жаңы 192 учуру катталды — алардын дээрлик жарымы Бишкекте

Иллюстративдик сүрөт

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 192 адамдан табылды — алардын 13ү медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-июндагы брифингде билдирди.

Жаңы катталган учурлардын дээрлик жарымы Бишкек шаарында катталды — 94, алардын жетөөсү медкызматкер. Чүй облусунда коронавирус 57 бейтап жана беш медкызматкерде аныкталды. Ош шаарында жана облуста 16 жана 14 жаңы учур катталды. Ал эми Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарында экиден адам COVID-19га чалдыкты.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын жалпы саны 2981ге жетти — анын 546сы медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1981 адам айыгып, отуз беш бейтап көз жумду.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 1010 учур. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда — 431 учур. Ош облусунда — 300, Жалал-Абад облусунда — 206, Ош шаарында — 323, Чүй облусунда — 369, Баткен облусунда — 40, Ысык-Көл облусунда — 35 жана Талас облусунда 27 адам илдетке чалдыкты.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын ичинен 240 адамда коронавирус аныкталды.

Учурда ооруканаларда 498 адам дарыланууда — алардын 30у оор абалда, бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 1471 адам алынган.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 12205ти түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 5011.