Бир суткада коронавирустан 30 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штаб 21-июнга карата бир сутка ичинде коронавирустан дагы 30 бейтап айыкканын кабарлады.

Бишкек шаарынан жети, Ош облусунан он, Нарын облусунан он, Чүй облусунан беш жана Жалал-Абад облусунан эки бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөткөн.

Ал эми өлкө боюнча таажы вирусун жеңгендердин саны 2011 кишини түзөт. Өпкөнү жабыркаткан оору 37 кишинин өмүрүн алды.

Учурда ооруканаларда 525 адам дарыланып жатат, алардын он бири жандандыруу бөлүмүндө. Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 80 миңден ашык ПЦР тест жасалды.