Медиктер ооруканалар заманбап талаптарга туура келбегендиктен ооруп калып жатышат — ССМ

Республикалык штаб 22-июнда бир сутка ичинде 26 медикте коронавирус тастыкталганын кабарлады. Коронавирустун пандемиясы башталгандан бери 582 медкызматкер вирус жуктурду. Алардын ичинен 387 адам айыкты.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июнда брифингде медиктердин арасында коронавирус жуктуруунун башкы себебин атады — ооруканалар заманбап талаптарга төп келбейт.

«Оорунун өсүп жатканын биринчи себеби — ооруканаларыбыз заманбап талаптарга жооп бербейт. Инфраструктура, душ кабиналары жок, инфекция бөлүмдөрү каралбай калган», — деди министр.

Абдикаримовдун ою боюнча, көптөгөн медкызматкерлер иштеп жатканда санитардык-гигиеналык эрежелерди сакташпайт.

«Алар кээде чогулуп, бирге тамактанышат. Айрымдары инфекцияны жумуштан тышкары жугузуп алып, анан кесиптештерине жугузушат. Биз сегиз алгоритмди иштеп чыктык, кадамдык аракеттерди жазып чыктык, коргонуу каражаттарын колдонууну үйрөттүк. Тилекке каршы, эреже бузуулар жана жуктуруу учурлары бар, өзгөчө техникалык персоналдын арасында», — деп кошумчалады ал.

Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн төрт топто иштеп аткан 12 миң медкызматкер катышууда.

«Биринчи топ коронавирус менен ооругандарды дарылап жатат, экинчиси мобилдик бригадаларда иштеп жатат, үчүнчүсү — чек арада санитардык-карантиндик посттордо, төртүнчүсү — лабораторияларда иштеп жатат. Обсервацияларда иштегендер да бар», — дейт Абдикаримов.

Медиктер үчүн заманбап шарттар

Абдикаримов медиктердин иштөө шартын жакшыртыш үчүн инфекциялык бөлүмдөрү жана интенсивдүү терапия палаталары бар 16 оорукананы оңдоп-түзөп берүү пландалып атканын айтты. Бийлик, эгер керектелип калса коронавирус жуктургандар үчүн мурдагы Ганси авиа базасынын аймагындагы каралбай калган имараттардын багытын алмаштырып берет.

Абдикаримовдун айтымында, парламентте жаңы инфекциялык оорукананын курулушу боюнча кореялык өнөктөштөр менен келишим ратификацияны күтүп жатат.

«Бардык документтер даярдалган, экспертиза өткөрүлгөн. Документ ратификациядан өтөөрү менен кореялыктар инфекциялык оорукананын аймагында 130 койкалык жаңы оорукана куруп башташат, ал заманбап талаптарга жооп берет», — деди Абдикаримов.

Министр учурда медициналык кызматкерлердин бардыгы беткап, колкап жана көз айнектер сыяктуу коргонуу каражаттары менен камсыздалганын кошумчалады.

Анын айтымында, медиктерге июнь айында күчөтүлгөн тартипте иштегени үчүн кошумча акы төлөп берүү боюнча документтер каржы министрлигине жөнөтүлдү.

Мурдараак, COVID-19га чалдыккан медкызматкерлер аларга каралган 200 миң сом өлчөмүндөгү компенсация төлөнбөй жатканына даттанышкан. Саламаттык сактоо министрлиги менен Республикалык штаб ар бир учурдун компенсациянын шарттарына ылайык келишин караган атайын комиссиянын корутундусу даяр болоору менен баарын төлөөрүн убадалоодо.

22-июнга карата өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруунун тастыкталган учуру 3 356га жетти. Алардын ичинен 2021 адам стационардан айыгып чыкты.

Акыркы сутка ичинде коронавирус өөрчүткөн инфекциядан үч адам каза тапты. Пандемия башталгандан бери жалпысынан 40 бейтап ажалга моюн сунду.