Оштогу муниципалдык ишкананын 10 кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Ош мэриясы. Сүрөт: Vitaly Salakhmir

Ош шаарында 22-июнда мэрияга караштуу муниципалдык ишкананын 9 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул боюнча «Клоопко» Ош шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

«Муниципалдык ишкананын атын ачыктай албайм. Мурдагы күнү бир кызматкерден коронавирус чыккан эле, бүгүн тогуз учур катталды. Ал ишкананын иши бүгүн токтотулат. Ооруган кызматкерлер изоляцияга алынган. Калган байланышта болгон адамдар обсервацияда», — деди Абсаттаров.

Буга чейин 18-июнда Ош шаарында COVID-19 аныкталган аймактарга «карантинге жабылды» деп жазылган тактайча илинээри маалымдалган. Бул чечим коронавирусту алдын алуу үчүн атайын түзүлгөн штабдын отурумунда кабыл алынган. Ошондой эле оорулуулар менен карым-катнашта болгондордун баары обсервацияга эмес, кээ бирлери үй карантинге чыгарылары айтылган.

22-июнга карата өлкөдө дагы 205 адамдан коронавирус табылды. Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны 3356га жетти. Ош шаары COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны боюнча Кыргызстанда төртүнчү орунда турат — 362. Анын ичинен 158 адам өпкө илдетинен сакайып, ал эми төрт киши коронавирустан көз жумду.