Токмокто эки өспүрүмдү унаа коюп кетип, бирөөсү каза тапты

Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы 20-июнда Токмок шаарында түнкү саат 22:30 чамасында катуу ылдамдыкта бара жаткан «Хундай Аванте» үлгүсүндөгү унаа мотоцикл минген эки өспүрүмдү сүзгөнүн кабарлады.

18 жаштагы бала алган жарааттарынан улам эсине келбей ооруканада каза тапкан. Экспертиза автоунаанын айдоочусу соо болгонун көрсөткөн.

Милиция аял таксист болуп иштээрин жана ал ошол күнү окуя болгон жерге буйрутма боюнча барганын аныктаган.

Анткен менен жергиликтүүлөр бул версияга ишенбейт, ошондуктан алар 21-июнда милициянын имаратына келишкен. Алардын маалыматына ылайык, өспүрүмдөр мотоциклде болушкан эмес жана милициянын авария боюнча схемасы туура эмес.

«Жабырлануучулардын ата-энелери айдоочуга арыз жазайын дешкенде, милиционерлер дем алыш күнгө таянып, арызды кабыл алуудан баш тартып коюшкан», — деп келтирет күбөлөрдүн биринин айткандарын Kaktus.Media басылмасы.

Мындан тышкары тургундар милиция башка айдоочуну күнөөлүү кылып койгусу келип жатат деп ишенишет.

«Айдоочуну ондогон күбөлөр көрүшкөн жана аны таанышкан. Бирок бир түндүн ичинде милиционерлер айдоочуну алмаштырып коюшкан. Такыр эле башка аялды күнөөлүү кылып коюшкан. Бирок биз баарыбыз милиционерлерге автоунааны башка аял башкарган деп айтканбыз», — деп келтирет жергиликтүү тургун Махмуддун айткандарын Kaktus.Media.

Ведомстводон ишендиришкендей, жол кырсыгы жүз берген учурда айдоочунун машинасынын ичинде болгон туугандары рулда учурда милиция кырсыкка айыптап жаткан аял болгон деген көрсөтмө беришкен. Аял өзү да, милициянын маалыматына ылайык, күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө берген.

«Бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Милициянын кызматкерлери арызды кабыл алуудан баш тартып койгон деген маалымат чындыкка дал келбейт. Жабырлануучу тараптын арызы дароо кабыл алынган. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жабырлануучулардын өздөрүн чакырып, арызды кабыл алышканын кабарлайбыз», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Окуя КЖБРге «Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча катталды. Кийнчерээк милиция шектүү аялды кармап, Токмоктун убактылуу кармоо изоляторуна киргизип, ал эми унаасын айып короого токтоткон.

Башкы сүрөттүн булагы: Kaktus.Media