Президент Канттагы орус аскер базасы боюнча мыйзамга кол койду

23-июнда Сооронбай Жээнбеков орусиялык аскердик базанын Кантта туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Маалымкат-негиздемеге ылайык, 2016 жана 2017-жылдары, протоколду даярдоо учурунда эки жак тең орус тарап ижарага алган жерлерде биргелешкен топографиялык съёмка жүргүзүшкөн.

Анын жыйынтыгында орус тарап 866,2 га аймактын ордуна 924,52 га тилкесин пайдаланып жатканы маалым болгон — бул «Орус Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы курама орусиялык аскер базасынын Кыргыз Республикасынын аймагында болушунун абалы жана шарттары жөнүндө макулдашууда» жазылгандан 58,32 гектарга көп болуп чыккан.

Тагыраак айтканда, Орусия Чалдыбардагы байланыш түйүнүнүн аймагын 811,2 гектардан 851,2 гектарга чейин кеңейтип, ал эми Караколдогу сынамык базасынын аймагын 55 гектардан 73,3 гектарга чейин кеңейтип алган.

Ошол эле маалда келишимде көрсөтүлгөн аянт үчүн 4 млн 502 миң 495 доллар ижара акысы алынат. Протокол күчүнө киргенден кийин бул сумма 291 миң 600 долларга көбөйөт. Ошол эле кезде 2012-жылдан бери жоготулган сумма калыбына келтирилээри белгиленет.

«Протоколдун алкагында россиялык тараптын каражатынын негизинде учуп-конуу тилкесин (УКТ) реконструкциялоо пландаштырылган. Макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин бул объектилер кыргыз тарапка кайтарылат. Мындан тышкары УКТ объектилери биргелешип пайдалануучу объектилердин тизмесине киргизилген», — деп жазат президенттин басма сөз кызматы.

Ошондой эле Орусия «тараптардын мамлекеттеринин коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында» базада учкучсуз учуучу аппараттарды жайгаштырууну пландоодо. Протокол күчүнө киргенден кийин Кыргызстан менен Орусия учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуунун тартибин аныктоочу ведомстволор аралык документке кол коюшат.

Кыргызстан Канттагы аскер базанын аймагын Орусияга береби?

Kaktus.media басылмасы 2-июнда «Кыргызстан Орусиянын Канттагы аскердик базасынын аймагын оңдоп түзөө иштеринин акысына аны аларга берүүнү чечти» деген аталышта макала чыгарган. Мындан кийин айрым окурмандар депутаттар бул түзөтүүлөрдү кабыл алса Кыргызстандын аймагынын бир бөлүгү Орусияга өтүп кетет деп ойлоп калышкан.

Мыйзам долбоорунун айынан жаралган коомдук резонанстан кийин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кыргыз жери өткөрүлөрүү боюнча маалыматты төгүнгө чыгарган.

Башкы штабы реконструкция жүргүзүлгөндөн кийин орус тарап «Кант» аэродромунун учуу-конуу тилкесин оңдоо үчүн колдонулган бетон плиталарга гана ээ болот деп билдирген. Ал эми учуп-конуу тилкесиндеги жерлер Кыргызстанга таандык бойдон калат.

ТЕМА БОЮНЧА: Кыргызстан Канттагы аскер базасынын аймагын Орусияга береби? Түшүндүрөбүз! (спойлер – бербейт)