Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо. «Апрель» телеканалы мурдагы тартипте иштейт

«Апрель» телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложников «Кактуска» курган маегинде каналдын журналисттери кадимки тартипте иштеп жатканын кабарлаган. Бул телеканал 23-июнда Биринчи май райондук соту тарабынан мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык. Конфискацияланган мүлктүн тизмесине телеканалдын да мүлкү кирет.

«Биз “Апрель” телеканалынын мүлкүн колдонбой калганбыз. Телеканалдын мүлкүнүн бардыгы “Форум” имаратында калган. Мурдагы жылы түшүнүксүз эле камакка алышкан: эч кандай документтерге кол койгон эмесмин, мага эч нерсе берип жиберишкен жок, учурда “Апрелдин” техникалык базасы кандай абалда экенин билбейм. Азыр биз жөнөкөй жарандардын колдоосу менен иштеп жатабыз. Мындан ары да иштей беребиз», — деди Ложников.

Учурда «Апрель» телеканалы интернетте обого чыгуу форматында иш алып барып жатат. Өткөн жылдын ноябрынын аягында «Апрель» телеэфирге чыгышы керек болчу, бирок Аскер прокуратурасы тыюу салдыртууга жетишкен. Ал эми декабрда Маданият министрлиги обого чыгаруу операторлоруна телеканалды эфирге коё берүүгө тыюу салган.

Сот 2019-жылдын августунда Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясында болгон окуядан кийин телеканалдын мүлкүн камакка алган. Ал окуяда күч түзүмдөрү мурдагы президенттин үйүн штурм менен алып, аны оор кылмыштарга шектүү катары кармашкан.

Бийлик Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Атамбаев күбө катары суракка алынмак, бирок кармалгандан кийин анын макамы шектүүгө өзгөргөн.

Атамбаевдин резиденциясын штурмга алууда бир спецназчы каза таап, жүзгө чукул адам жабыркаган.

Атамбаев камакка алынгандан кийин бийлик ага карата «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өлтүрүү үчүн кол салуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.