Сот энергохолдингдин экс-жетекчиси Калиевге карата «Алдамчылык» боюнча ишти кыскартты

Айбек Калиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысына карата «Алдамчылык» беренеси боюнча иштин кыскартылгандыгын кабарлады. Адвокаттын айтымында, жабырлануучу тарап койгон доосунан баш тарткан.

Иш апрель айында эле токтотулган — анткени айыптоочу тараптын күбөлөрү сотко келбей жатышкан. Калиев Кытайдын ТВЕА компаниясынан алынган машинаны «алдамчылык жолу менен» сатып жиберген делип айыпталган болчу.

Калиев башынан бери эле ага карата иш токулганын айтып, күнөөсүн мойнуна албай келген. Анын адвокаты Жумашев 24.kgге курган маегинде билдиргендей, ал ишти токтотуу тууралуу өтүнмөнү колдогон эмес, анткени актоо өкүмү чыгарылышы керек деп эсептейт.

Айбек Калиев өзү дагы деле абакта — ал Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияга байланыштуу иш боюнча 14 жылга соттолгон. Ал күнөөсүн мойнуна албай келет.

«Коррупцияны далилдеген бир дагы факт берилген жок. 10 айдын ичинде 61 сот отуруму өттү, 101 күбө суралды», — деп айткан ал сотто.