Ак үйдү карантинге жабуу маселеси каралат — ССМ

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-июндагы брифингде Ак үйдү карантинге жабуу маселесин пленардык отурумда эпидемиологдор менен бирге атайын комиссия карай турганын билдирди.

Ошондой эле ал мүмкүнчүлүк болсо аралыктан иштөөнү сунуштады.

«Бүгүнкү күндө жалаң гана Ак үйдө эмес, министрликтерде, мамлекеттик мекемелерде дагы илдет тастыкталган учурлар катталып жатат. Басма сөз кызматкерлеринен дагы чыгууда. Ошондуктан санитардык нормаларды туура сактап, мүмкүнчүлүк болсо аралыктан иштесек жакшы болот», — деди Каратаев.

Акыркы маалыматтар боюнча, Жогорку Кеңештин эки депутаты жана парламенттик аппараттын үч кызматкеринде Covid-19 аныкталган. Мындан тышкары парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракул уулу дагы коронавирус жуктуруп алганы тастыкталды.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3954кө жетти. Илдеттен 43 киши каза болуп, 2112 бейтап айыгып үйүнө чыгарылган. Өлкө боюнча коронавирус эң көп Бишкек шаарында катталды — 1447 учур.