Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 43кө жетти

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош мэриясы

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратев 25-июндагы брифингде коронавирус жуктурган дагы бир бейтап каза тапканын билдирди.

«Бейтап Тогуз-Торо районундагы ооруканада дарыланып жаткан болчу. Ал 1972-жылы туулган, 48 жаштагы жаран. Учурдан пайдаланып маркумдун жакындарына көңүл айтам», — деди Каратев.

Ушуну менен COVID-19дан көз жумган бейтаптардын саны 43кө жетти, алардын арасында эки медкызматкер жана бир мугалим бар. Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус жалпысынан 3 954 кишиге жукту. Анын 2 112си айыгып ооруканадан чыгарылды. Учурда 635 киши дарыланып жатса, алардын он экиси жандандыруу бөлүмүндө.