«Алай» клубунун оюнчусунунан коронавирус аныкталып 20 футболчу обочого алынды

«Алай» футбол клубунун оюнчулары. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев

Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун оюнчусу Элхан Темирбаев коронавируска ыкчам тест тапшырып, ал оң жыйынтык көрсөттү — учурда оюнчу ооруканада. Вирусту тастыктоо үчүн ПЦР-анализ жасалат. Бул тууралуу «Клоопко» клубдун директору Алмаз Сулайманов билдирди.

«Эгер анализи жакшы чыкса кайра клубга келет. Текшерген күнү ал баланын ангинасы кармап, ысытмалап жаткан экен. Ал текшерүү күнүнө туш келип калыптыр. Бирок канткенде да 14 күн обсервацияда болгону туура», – деди ал.

Ошондой эле, ал оюнчулар машыгуу убагында муздак ичимдиктерди көп ичкендиктен, өнөкөт оорусун күчөтүп алган болушу мүмкүн деп кошумчалады.

Клуб өзүнүн фейсбук баракчасында Темирбаев менен байланышта болгон дагы 20 оюнчу Ахматбек Суюмбаев атындагы стадиондун жатаканасында 14 күнгө обочого алынганын жазды.

Темирбаев «Алай» менен үстүбүздөгү жылда келишим түзгөн. Буга чейин ал Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» клубунда ойногон — ал жарым коргоочу жана чабуулчу позицияларында ойнойт.

Ош шаарында 26-июнга карата коронавирустун жалпы 500 учуру катталды — алардын 171и айыгып, 4 киши илдеттен улам каза болду.