Жээнбеков менен Путин жолукмак беле? Эки президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсү эки башка болууда

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадагы Жеңиш парадына катыша албай калган, себеби аны менен кошо барган делегациянын эки мүчөсүндө коронавирус аныкталган. Аны менен кошо Жээнбековдун Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу да болбой калып, алар телефон аркылуу гана сүйлөшө алышкан.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынан Путин менен Жээнбеков 30-июнда Ржев шаарында жолугушушу керек болгонун да билдирген. Ал жакта 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон кыргызстандык аскерлердин эстелигинин расмий ачылышы пландалган.

Сооронбай Жээнбековдун аппараты бул тууралуу орус тараптын чакыруусуна таянып билдирген.

Орусиядан эмне дешти?

Орусиялык тарап эстеликтин ачылышына Жээнбековдун катышуусу пландалбаганын кабарлады. Бул тууралуу 25-июнда журналисттер менен жолугушуу учурунда Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Журналисттер андан Ржевск районундагы президенттин катышуусу менен өтө турган жана конок болуп Кыргызстандын башчысы келе турган эстеликти ачуу аземин жылдыруу мүмкүнүлүгү каралабы деп суроо узатышкан.

Буга жооп иретинде Песков журналисттер иш-чарага Жээнбековдун катышуусу пландалганы тууралуу маалыматы кайдан алышканын сурап кызыккан.

«Жок, андай эч нерсе пландалган эмес… Андай план болгон эмес. Ооба 30-июнда Советтик солдаттын мемориалы ачылат, ооба, чындыгында Ржев районунда. Президент ал иш-чарага барууну пландап жатат. Ал абдан маанилүү монумент, мемориал. Ооба, чындыгында, бул күндүн мемориалдык маанисин баалабай коюу абдан кыйын», — деген ал журналисттерге.

Сооронбай Жээнбеков делегациясындагы эки адамдан коронавирус аныкталгандыктан Жеңиш парадына катыша албай калган.

Жээнбеков Москвадан Бишкекке ошол эле күнү 24-июнда кайтып келген. Анын коронавируска тапшырган анализи таза чыкканы менен ал келери менен үч күндүк обочолонууга кеткен.