Коронавирустан дагы 3 киши каза болду — алардын экөө Жалал-Абаддын тургуну

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 27-июндагы брифингде коронавирус жуктуруп алган дагы 3 киши каза болгонун маалымдады.

Алардын экөөсү Ош облустар аралык жана Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланып жаткан 51 жана 76 жаштагы аял кишилер. Ал эми үчүнчү бейтап — Аксы аймактык оорукансында дарыланып жаткан 74 жаштагы эркек киши.

Ушуну менен өлкө боюнча COVID-19 инфекциясын жуктуруп алып каза болгондордун саны 46ны түздү — алардын ичинде эки медкызматкер бар.

Кыргызстанда 27-июнга карата коронавирус жуктуруунун жаңы антирекорддук көрсөткүчү катталды — 309 учур. Алардын 2 212си айыгып, 628 киши ооруканаларда дарыланууда.