Мас кишинин барымтасынан аялды куткарган милиционер каза болду

Биринчи май РИИБдин №5 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев каза болду. Ал буга чейин жарандык никедеги күйөөсү кызганычтан улам моюнуна бычак такап барымта алган аялды куткарган.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынын башчысы Улан Жумаков Жаанбаевдин каза болгонун бышыктап Facebook баракчасына билдирүү жазды.

"Эркин Жаанбаев каза болду. Ооба, барымтага алынган аялды куткарып калган дал ошол эр жүрөк милиционер", — деп жазды ал.

Алдын ала маалымат боюнча Жаанбаевдин жүрөгү кармап калган.Жакындарынын айтымында, ал аялдын өлүмүнө аябай кабатырланган. Милиционер үч күн өзүнө келбей ооруканада жатып, 28-июнда түндө үзүлгөн.

Белгилей кетсек, 17-июнда Бишкек шаарынын Дэн Сяопин преспектисинде мас киши колуна бычак алып кысканычтан улам аялды барымтага алган. Бир нече убакыттан кийин Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин №5 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Жаанбаев мас кишини кармаган. Тилекке каршы, аны кармоо учурунда аял менен милиция кызматкерлери да жаракат алган. Алардын бардыгы ооруканага жаткырылган. 19-июнда кечинде аял өзүнө келбей каза болгон. Ал ооруканага оор абалда келгендиктен, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Бирок, дарыгерлердин аракетинен майнап чыккан эмес.

Ал эми шектүү киши кармалгандан кийин Биринчи май РИИБине алып келинген. Аталган факты ЖКБРге каттоого алынып, бардык тийиштүү экспертиза дайындалган.