Сабырбек Жумабеков: Кадырбекованын абалы оор бойдон калууда

Жол кырсыгына кабылып, жандандыруу бөлүмүндө жаткан эстрада ырчысы Асел Кадырбекованын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.

Ал коомчулукка видео кайрылуу жасап, Кадырбекованын абалы оор экенин, дарыгерлердин жумушуна тоскоолдук кылбоо үчүн ырчынын абалын сурап телефон чалбай турууну суранды.

«Аселдин ден соолугу дагы эле оор бойдон. Комада жатат. Бирок өзү дем алып, кан басымы да өзүнүкү. Бүгүнкү күндө аз болсо да жылыш бар, бирок баары бир абалы оор боюнча», — деди ал.

Кадырбекованын жакындары да анын абалы оор экенин айтышууда.

26-июнда Бишкек шаарынын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы жүз берип, үч киши жабыркаган. Алардын бири ырчы Асел Кадырбекова болгон. Жол кырсыгы тасмага түшкөн. Анда ырчынын унаасын катуу ылдамдык менен бараткан тез чара көрүүчү топтун кызматтык унаасы сүзүп алганын көрүүгө болот. Азырынча жол кырсыгынын чоо-жайы маалымдала элек.

Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылды — ал жандандыруу бөлүмүндө