Ошто реактивдер жетишпей коронавируска тапшырылган 1,5 миң үлгү тоңдурулуп турат

Иллюстративдик сүрөт

Youth of Osh коомдук уюмунун жетекчиси Акмарал Сатинбаева твиттерде Ош шаарында 2 миңден ашуун үлгү реактивдер жоктугунан тоңдурулуп турганын жазды. Реактивдер жок ПЧР-анализ коронавирустун бар же жоктугун аныктай албайт.

«Саламаттык сактоо министрлигинин расмий статистикасы он эсеге көбөйтсөк болот», — деген ойду калтырган Сатинбаева.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров реактивдер жетишпей жатканын тастыктады. Анын айтымында, буга чейин санэпидемстанцияда 36 миң даана Eppendorf пробиркасы болгон — бирок алар ПЧР-анализ жасоо үчүн иштетилген.

«СЭСтен кабарлашкандай, башка өлкөлөрдөн реактивдерди сатып алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстанда жок болуп жатат. Азыр СЭСтин лабораториясында таптакыр жок деген туура эмес. Оор абалдагы оорулуулардын анализине иштетилип жатат [...] Бул маселени чечүүнүн үстүндө тиешелүү кызматтар иштеп жатат. Түшүнүү менен кабыл алып турууңуздарды суранабыз», — деди Абсаттаров.

Ошондой эле Абсаттаров 2 миң эмес, 1502 ПЧР-анализдердин үлгүлөрү тоңдурулуп турганын белгиледи.

30-июнга карата Ош шаарында COVID-19дун жалпы 651 учуру катталган. Алардын ичинде 215 бейтап таажы вирусунан арылып, сегиз бейтап кайтыш болду.