Сузак РИИБде кармалган 18 киши кыйноолорго даттанды. Милиция муну четке какты

Жалал-Абад облусундагы Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайында (УКЖ) кармалган 18 киши кыйноолорго даттанды. Маалыматты Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору 29-июнда өз сайтында жарыялады.

Сүрөт: «Турмуш»

Борбордун Жалал-Абад облусу боюнча координатору Алишер Эрматов билдиргендей, алар Сузак РИИБинин УКЖсына 28-июнда барган. Кылмышка шектүүлөр менен сүйлөшө келгенде алар сабоолорго даттанып 8 киши ошол күнү арыз жазган.

«Убактылуу кармоочу жайда 19 адам отурган. Алардын ичинен 18 адам кыйноого кабылганы боюнча арыз жазышты. Алардын ичинен 7 адам боюнча протокол толтурулду. Башкача айтканда алардын денесинен көк ала тактар, дубинканын издери табылды. Биз көзүбүз менен көргөнүбүз ушул болду», — деп билдирди Эрматов «Турмуш» басылмасына.

Эрматовдун айтымында, милиция кызматкерлери чырдын келип чыгышына эки жагдай себеп болгонун айткан. Шектүүлөр камераларда дезинфекция жүргүзүүгө тоскоол жаратып, эшиктерди ачууга каршылык көрсөткөн. Абакта «мыйзамсыз буюмдардын сакталышын аныктоо» үчүн тинтүү жүргүзүлгөн.

Ал «Видеобайкоолордогу жазууларды көрүүгө мүмкүн болгон жок, жазуулар өчүрүлгөн экен» деп белгиледи. Ошондой эле топтолгон материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилээрин кошумчалады.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан окуя болгон күнү, 27-июнда, чынында тинтүү жана дезинфекция иштери жүргүзүлгөнүн ырасташты. Бирок облустук милиция кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуулар катталган эмес деп ишендирет.

«Тинтүүгө буга чейин 25-июнда Сузак райондук сотунда эки шектүү жанында алып жүргөн кырдуу темир менен ичин кескилеп салышканы себеп болгон. Камераларды текшерүүнүн жыйынтыгында — уюлдук телефондор, сим карталар, темирден атайын учталып даярдалган зымдар, темирден жасалган миздүү бычакка окошогон буюмдар табылып, акт түзүлүп алынган», — деп жазылган Жалал-Абад ОИИБнин билдирүүсүндө.

Аталган факты Жоруктар жөнүндө кодексинин «Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалып турган адамдарга тыюу салынган буюмдарды берүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ошондой эле милициядан буга чейин шектүүлөр укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, УКЖнын ички тартибин сактабай, камераларда орнотулган видеобайкоолорду сындырган деп маалымдашты.