Улуттук госпиталдын алдында пневмониядан эки адам көз жумду

Улуттук госпиталдын башчысы Тилек Маратов медициналык мекеменин имаратынын тышында 29-июнда пневмониядан эки адам каза тапканын билдирди. Ал коронавирус менен ооругандарды кабыл алуу үчүн бөлүнгөн урология бөлүмүнүн имаратынын алдында бир адам жерге кулап, экинчисине жасалма дем алдырып жатканы тартылган видеого ушундай комментарий берди.

«Кырдаал оор. Амбулаториялык жол менен каза тапкан эки бейтапты дарыгерлер кабыл алып, текшерүүгө үлгүрүшкөн жок. Анткени алар кыйла оор абалда келишкен», — деди Маратов «АКИпресске» курган маегинде.

Башкы дарыгердин айтымында, ооруган адамдар адистерге өз убагында кайрылбагандан улам оору өөрчүп кетет.

«Жумалап үйдө жатышат, өз алдынча дарыланышат, ошондон улам анан ушундай жыйынтык болууда», — деп түшүндүрдү ал.

Мындан бир күн мурда соцтармактарда урология бөлүмүнүн кире беришинде бир адам жыгылып, ошол эле учурда жакын жердеги машинада врачтар экинчи бейтапка жасалма дем алдыруу жасап жатышканы тартылган видео пайда болгон.

«Мына дагы бирөө кулады. Мына көрдүңбү, тигил жактан бирөө баса албай калды. А бул жерде жасалма деп алдырып жатышат, мына мынтип. Жигиттер, абайлагыла», — дейт видеонун автору.

Штабдын маалыматына ылайык, март айынан 29-июнга чейин пневмониядан 54 адам каза тапкан. Алардын ичинен 48 адам Бишкекте, алтоо өлкө боюнча стационарларда көз жумган.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, өлүмдүн саны негизинен июндун экинчи жарымында каттала баштаган. Ошондой эле ал бул убакта ооруканадан тышкаркы пневмония менен медициналык мекемелерге 1145 адам келип түшкөнүн, алардын ичинен 564 бейтап айыкканын кошумчалады.

Коронавирус инфекциясы негизи жугузгандардан пневмониянын чыгышын шарттайт. 30-июнга карата өлкөдө COVID-19 жуктуруунун жалпы 5 296 учуру катталды, алардын ичинен 2 562 адам айыкты, 57 бейтап каза таап, учурда 2 677 адам ооруп жатат.