УКМКнын тергөө изоляторундагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмония деген диагноз менен 30-июнда ооруканага которулганы белгилүү болду.

Анын үй-бүлөсү бул окуя боюнча ошол эле күнү билдирүү таратып, Атамбаевге УКМКнын абагында коронавирус атайылап жуктурулганын айтып чыгышты. Ошондой эле, аны ооруканага которулушу боюнча үй-бүлөсүнө кабар берилген эместигин билдиришип, учурда кайсы жакта экенин билбей турушканын маалымдашкан.

Атамбаевдин үй-бүлөсү өз билдирүүсүндө УКМКнын тергөө изолятору инфекция жайыла турчу коркунучтуу жер болуп калганын белгилешкен.

«Ал жакта отургандардын ичинен кеминде 10 кишиден COVID-19 дарты чыкты.

Тергөө изоляторунда отургандар ал жактагы кызматкерлердин бардыгына коронавирус жукту деген шектенүү бар экенин тууган-туушкандары аркылуу бизге айтышты», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, билдирүүдө өлкө боюнча өзгөчө абал режими киргизилгенине карабай Кой-Таш окуясы боюнча сотко Атамбаевди жана анын тарапташтарын коргоочу каражаттарсыз алып келип жатканын сынга алышкан.

«Бийлик ошондо эле өзүнүн саясий каршылаштарына коронавирус жуктурууга ниетин билдирген деп эсептейбиз», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын төгүндөөсү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн билдирүүсүн чындыкка коошпойт деп маалымат таратты.

«Атамбаевдин үй-бүлөсү анын кылмыштуу иштерин жашыруу максатында, аны саясий туткун катары көрсөткүлөрү келип, коомчулукту максаттуу түрдө адаштырып, козголгон кылмыш иштерине саясий өңүт берүүгө аракет кылышууда», — деп УКМК билдирди.

Андан сырткары Атамбаевдин COVID-19 илдетине каршы тапшырган анализи терс жыйынтык көрсөткөнүн маалымдады. Анткен менен УКМК Атамбаевге илдет жактоочуларынын бири Замир Жоошевден жугушу ыктымалдыгын белгилеген. Ал акыркы жумада мурдагы президент менен жолугуп, документ жана башка буюмдарды колуна берген.

Андан сырткары мекемеден Жоошев коронавирус жуккандар менен контакта болгон дешти. Учурда Жоошевдин апасы COVID-19 дартынын белгилери менен Ысык-Ата райондук аймактык ооруканасында дарыланып жатканы маалыматта белгиленген.

Бирок атайын кызматтын мындай билдирүүсүн Атамбаевдин үй-бүлөсү толугу менен четке какты. Анткени бардык жолугушууларда коргоочу каражаттар кийилип, тараптар айнек тосмонун артында жолугушарын эске салышты. Ал эми УКМК ТИЗОдо иштеген кызматкерлерге коронавирус жукту деген маалымат туура эместигин кабарлады.

«Соке байкешка»

Атамбаевдин кызы Алия Шагиева да Instagram баракчасына азыркы бийликтин кадамдарын сынга алган билдирүү жарыялады. Анда негизинен өзүнүн кызыкчылыгын гана көздөп, элди убайымга салгандардын тагдыры кандай болгонун тарых көрсөтүп турары айтылат.

«Соке байкешка, кишилердин чыдамын кетирбеңиз. Кыргызстандыктар эркиндикти сүйгөн эл. Алардын оозун жабам деп аракет кылбаңыз, тунук ойлонгондорго тең салмак болсун деп сизди жактап коммент жазган боттордун дагы кереги жок. Баары ансыз деле сиз кантип шылдың болуп жатканыңызды көрүп жатат. Тарыхка кылчайып карап биздин эл өзү үчүн гана ыңгайлуу болгон эрежелерин таңуулап, жарандардын укугун тебелеген башкаруучуларга чыдады беле карап коюңуз», — деп кайрылган ал.

«Атамбаев азыр өзүн жакшы сезип жатат»

Кийин УКМК Атамбаев президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында экенин кабарлады. Мурдагы президенттин жактоочуларынын бири Сергей Слесарев 1-июлда Атамбаевге жолугуп чыкты.

Слесарев дарыгерлер Атамбаевге эки тараптуу пневмония деген диагноз койгонун ырастады.

«Мен аны менен жолугуп чыктым. Ага медициналык жардам берилүүдө, эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуптур. Азыр өзүн жакшы сезип жатат. Экөөбүз сүйлөшкөндө ал туруп эле жүрдү. Албетте, биз беткап тагынып, аралыкты сактадык», — деди Слесарев.

Ал андан сырткары Атамбаев жаткан палата УКМКнын тергөө изоляторуна караганда кыйла жакшы, жарык экенине токтолду.

Раиса Атамбаева дагы ооруканага жаткырылган Алмазбек Атамбаевден кабар алганы кирип, бирок ал менен жолукпай чыкканын мурдагы президенттин тарапташтарынын бири Рита Борбукеева Фейсбукта жазды.

Ал Атамбаева УКМКнын эки кызматкеринин коштоосунда ооруканага киргени менен врач менен гана жолукканын белгилеген.

Атамбаевдин иши

Мурдагы президент бир нече кылмыш иши боюнча соттолууда. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Атамбаев 11 жыл эки айга кесилип, мал-мүлкү конфискацияланышы керектиги боюнча Биринчи май райондук соту өкүм чыгарды.

Ал эми 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча соттук териштирүү дагы деле улантылууда. Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча адам өлтүрүүнү уюштуруу, массалык баш аламандык уюштуруу, кишилерди барымтага алуу беренелери боюнча айыпталууда.

Кыргызстандын азыркы бийлиги кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылы жазында кайрадан ачкан. Батукаев 2013-жылы айыккыз дартка чалдыкты деген негиз менен бошотулган. Аны Нарындагы абактан Бишкекке чейин коштоп келишип, ал атайын учак менен Кыргызстандан чыгып кеткен.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайрадан ачылган кылмыш иши Атамбаевден экс-президент деген статусту, кол тийбестикти жана башка жеңилдиктерди алып салууга негиз болгон.