Бишкек мэриясынын борбордук аппаратында иштеген үч кызматкерден коронавирус табылган. Алар социалдык бөлүмдүн эки адиси жана кадр бөлүмүнүн башчысы.

Муниципалитеттин маалымат кызматынын кабарлашынча, аппаратта иштеген 20дан ашык кызматкерден оор респиратордук вирустук оорунун [ОРВИ] белгилери байкалып, дене табы көтөрүлгөндүктөн бардыгы үй карантинине алынган.

Андан сырткары шаардагы Ленин, Октябрь, Свердлов жана Биринчи май акимиатында иштеген төрт кызматкерден коронавирус чыккан.

№1, №5 жана №15 муниципалдык аймактык башкармалыгындагы үч кызматкердин коронавируска тапшырган ПЦР-тесттери илдет жукканын ырастап, алар обочолонду.

Аны менен катар Ленин райондук социалдык өнүгүү башкармалыгындагы эки, Свердлов менен Октябрь райондук билим берүү борборунун 5 кызматкеринен коронавирус табылган.

Ошондой эле, Бишкектеги Санитардык-экологиялык инспекциясында, «Бишкексвет» муниципалдык мекемесинде, «Бишкек суу канал», «Бишкекасфальтсервис», «Тазалык» жана БПАТП ишканасында иштегендерге илдет жукканы ырасталган.

1-июлга карата Бишкек шаарында жаңы 211 учур катталып, жалпысынан 2603 кишиге коронавирус жукту. Ал эми республика боюнча 6261 кишиден илдет табылып, 66 адам өмүрү менен кош айтышты. Ошол эле маалда 2530 бейтап оорудан айыгып, үйүнө чыгарылды.