Коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын 110у оор абалда — ССМ

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 2-июлда билдиргендей, өлкөдө COVID-19 жуктуруп алган бейтаптардын 735и ооруканаларга жаткырылган.

«Анын ичинен оор абалда 110 адам — [оорукананын] жандандыруу бөлүмдөрүндө 24 адам. Орточо оор абалда 573 бейтап, канаатандырарлык абалда 52», — деди Акматова.

Акматова коронавирусту жуктурган, бирок оорунун белгилери байкалбаган 2930 бейтап үй карантининде отурганын кошумчалады.

Буга чейин Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларда орундар жетишпей жатканын билдирген. Буга себеп коронавирусу аныкталбаган, бирок пневмония менен ооруп калган жарандардын да саны өсүп кетүүсү болгон.

Ошондой эле Каратаев өпкөнү жасалма деп алдыруучу аппараттар менен кислород концентраторлору жетпей жатканын кабарлаган. Анын айтымында, бейтаптарды дарылоо үчүн дагы 220 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 2003 кислород концентратору керек. Учурда аларды Орусия, Кытай жана Түркиядан алынып келүүсү күтүлүүдө.

Кыргызстанда 2-июлга карата коронавирустун жалпы 6261 учуру катталды. Алардын ичинен 66 бейтап каза болуп, 2530 жаран ооруканалардан чыгарылды.