COVID-19 жуктурган дагы 4 киши каза болду, анын экөөсү Нарындын тургуну

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы төрт бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 2-июлдагы брифингде билдирди.

Алардын экөөсү — 69 жаштагы аял жана 56 жаштагы эркек — Нарын облусундагы Кочкор аймактык ооруканасында дарыланып жаткан. Бир бейтап — 71 жаштагы эркек — Бишкектеги Кыргыз-түрк достук ооруканасында болгон. Дагы бир эркек киши Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында көз жумду — ал 70 жашта болчу.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп, каза болгон бейтаптардын саны 66га жетти — алардын арасында үч медкызматкер бар. Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктуруп, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөмөкчү.

Коронавирустан улам каза болгондордун эң көбү Бишкек шаарында катталды — 21 учур. Ош облусунда COVID-19дан көз жумгандардын саны 14тү түздү. Ошондой эле Ош шаарында жана Чүй облусунда сегизден, Нарын облусунда жети, Жалал-Абад облусунда алты, Ысык-Көл жана Талас облустарында бирден бейтап кайтыш болду.