Коронавирустан айыккандардын саны 2500дөн ашты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 2-июлга карата коронавирустан дагы 87 бейтап айыкканын кабарлады — алардын ичинде 18 медкызматкер бар.

Айыккандардын эң көбү Ош шаарында катталды — 25. Бишкек шаарында — 17, Жалал-Абад облусунда — 16, Чүй облусунда — 15, Талас облусунда алты, Нарын облусунда беш жана Ош облусунда үч бейтаптын COVID-19га кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 2530га жетти — бул жалпы оорулуулардын 40 пайызын түзөт. Айыккандардын 464ү медкызматкер.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 6261ге жетти. Алардын ичинен 66 бейтап каза болду.