Орусиялык адистер коронавируска каршы күрөшүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүшүшөт — Боронов

Орусиядан адистер келгенин премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, бул делегациянын Кыргызстанга келүү маселесин Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүү аркылуу президент Сооронбай Жээнбеков чечкен.

«Кечээ күнү Россия Федерациясынан жооптуу кызматкерлерден турган делегация Кыргызстанга келди. Делегацияны Вячеслав Юрьевич Смоленский – Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары жетектейт», — деди Боронов.

Премьер-министр делегация Орусиядагы коронавируска каршы күрөшүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүшөт деп билдирди. Анын айтымында, бул үчүн кыргыз эпидемиологдору, инфекциячылары, вирусологдору жана реаниматологдору менен жолугушуу уюштурулган.

2-июлга карата Орусияда 661 165 коронавирус жуктуруу учуру катталды, анын ичинен 428 978 адам айыгып, 9 683 бейтап каза тапкан.

Каза тапкан 9 683 адам — бул расмий гана статистика, Орусияда COVID-19дан каза тапкандардын көбүн коштомо оорулары бар үчүн статистикага киргизишпейт.