Ошто коронавируска чалдыккан аял оорукананын үчүнчү кабатынан боюн таштап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаардык ооруканасынын үчүнчү кабатынан 1-июлда коронавирустан дарыланып жаткан 34 жаштагы аял боюн таштап жиберген. Алган жараатынан бейтап ошол эле күнү каза тапты.

Ош ШИИБинин маалыматы боюнча, бул окуяны аталган бейтапкананын дарыгерлери менен биргеликте иликтеп жатышат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

«Маркум 1986-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну. 25-июнда жаңы төрөгөн. Өзү дарыланып жатканына байланыштуу наристеси апасынын колунда болгон», — деп жазылат ммалыматта.

Буга чейин шаардык төрөткананын медайымы коронавирус жуктуруп алып, анын жыйынтыгы менен 800гө жакын медкызматкер, жаңы төрөгөн аял жана ымыркай обсервацияга алынган. Кийинчерээк обсервациядагы ондогон медиктен жана бейтаптан Covid-19 табылган.

Обсервацияда жаткан учурда жаңы төрөгөн аялдар нааразычылык билдиришип, аларды шарты бар ооруканаларга которууну же үйлөрүнө чыгарууну талап кылышкан. Муну ымыркайлардын ден соолугуна кабатыр болушканы менен түшүндүрүшкөн.

2-июлга карата өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 6261ге жетти. Анын ичинде Ош шаарында 675 учур катталган. Ал эми өпкө илдетинен 260 киши сакайып, сегизи көз жумду.