«Нурзаман» курулуш компаниясынын башчысы, жеке ишкер Адылбек Асанов өпкөнү жасалма дем алдыруучу [ИВЛ] 70 аппарат сатып алууга тапшырык берди. Бул тууралуу ал Instagram баракчасында билдирди. Ошондой эле Асанов элди коронавирус жуктургандарды дарылоого жардам берүүгө чакырды.

«ИВЛ, кислород аппараттары жетишсиз болуп жатат. 70 аппаратка буйрук бердик, буюрса дүйшөмбү күнү алабыз. Элге бирге жардам берели», — деди ал.

Жеке ишкердин бул демилгесин эстрада ырчылары жана башка коомдук активисттер колдоого алды.

Эмгек сиңирген артист, белгилүү ырчы Мирбек Атабеков бул демилгени колдой турганын, Кыргызстанга 2 миңден ашык кислород аппаратын алып келүүгө аракеттер болорун белгиледи.

«Бизде 100 миң сом эмес, 100 миң доллар бергенге кудурети жете турган инсандар көп. Келиңидер оор кырдаалда жардам бериңиздер. Мен дагы эки кислород аппаратка акча которттум. Биримдик менен жеңе алабыз», — деп Атабеков кайрылуу жасады.

Андан сырткары ырчы Анжелика дагы бул аракеттерди колдой турганын билдирип, бир аппарат алып берерин айтты. «Кошулабыз! Бөлүшөбүз! Менден бир аппарат!» — деп жазды ырчы.

Жеке ишкер Тилек Токтогазиев “Биз барбыз” элдик штабы дагы өпкөсү сезгенгендерди дарылап жаткан ооруканаларга кычкылтек концентраторлорун сатып алууга акча чогултуп баштаганын билдирди.

Ал ошондой эле, ооруканалардын алдында борборлоштурулган кычкылтек станцияларын түзүү маселеси каралып жатканын кошумчалады.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдан кабарлашкандай, учурда саламаттык сактоо мекемелеринде жалпысынан 572 ИВЛ аппарат, 610 кычкылтек концентраты бар. Бирок булар бардык оорулууларды дарылоо үчүн жетишсиз.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 1-июлда брифингде өпкөнү жасалма деп алдыруучу аппараттар менен кислород концентраторлору жетпей жатканын билдирди. Ал учурда дагы 220 жасалма дем алдыруучу аппарат менен 2003 кычкылтек концентратору керек экендигин белгилеген. Анын айтымында, ведомство учурда зарыл медициналык жабдууларды алып келүү боюнча иш алып барууда.

Ал эми саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, март айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 97 адам пневмониядан каза болгон. Пневмония менен ооругандардын каза болуусу июнь айынын ортосунан тарта көп каттала баштаган.

Министр ошондой эле, бул аралыкта өлкөдө этиологиясы тастыкталбаган пневмония менен саламаттык сактоо уюмдарына келип түшкөндөрдүн саны 1145 адамды түзөрүн белгиледи. Алардын ичинен 564 бейтап айыгып, 525 бейтап саламаттыкты сактоо уюмдарында дарыланууда.