Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы атындагы мечит-медресе.

«Дордой» ассоциясынын маалымат катчысы Нарынбек Султангазиев «Клоопко» Бишкектеги Ынтымак конушундагы 150 орунга ылайыкталган Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы атындагы мечит-медресе ассоциациянын атынан медициналык багытта колдонуу үчүн берилгенин билдирди. Аталган диний окуу жай «Дордой» тарабынан курулган. Анын айтымында, ал жакты обсервация кылса, же башка оорулууларды жаткырып дарыласа болот, ал үчүн бардык шарттары каралган.

«Эми аны Республикалык штаб кандай максатта колдонорун чечет. Саламаттык сактоо министрлиги да өз пикирин айтса керек. Эгер обсервация десе обсервацияга, клиника катары колдонулат десе ошол максатта колдонушат. Азыр оорулуулар көп болгондуктан орундар жетишпей жатпайбы», — деди ал.

Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев «Клоопко» азырынча дин башкармалыгы тарабынан медреселерди медициналык багытта колдонууга берүү боюнча сүйлөшүү боло электигин билдирди. Аны менен катар медреселердин басымдуу бөлүгү менчик экенин кошумчалады. Ошентсе да муктаждык болсо жетекчилик бул маселени карап көрөрүн айтты.

«Булан» институтунун 2019-жылдагы маалыматы боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан 113 медресе каттоодон өтүп, бүгүнкү күнү 80 медресе иш алып барат.

Бишкектеги ооруканалар орун жоктугунан бейтаптарды кабыл албай жатат. Ошондой эле, ооруканаларда медицина кызматкерлери бейтаптарды карап жетишпей жатышат. Аны ырастаган видеолор социалдык тармактарга дагы жарыяланууда. Алардын биринде оорукана кабыл албай койгондуктан машинада жан берген кишинин да видеосу бар.

Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салып, элге жардам берүү максатында Элдик жардам — Ыктыярдуу медиктердин тобу уюштурулууда. Мындай демилгени колго алгандардын бири Тынчтык Алтымышев эки күндө эле ыктыярчылар 500дөн ашык кишиге үйүнө чейин барып жардам бергенин билдирди.

3-июлга карата алынган акыркы маалымат боюнча бир суткада коронавирустун жаңы 506 учуру катталып, жалпысынан илдет жуккандардын саны 6767ге жетти. Оорудан 2 655 киши айыгып үйүнө чыгарылса, 76 киши өмүрү менен кош айтышты.

Андан сырткары пневмония дарты өлкөдө курч болуп, стационарда 1724 бейтап дарыланып жатат. Реанимацияда 112 жатса, 337 кишинин абалы оор. Ал эми пневмониядан жалпысынан 120 адам каза болду.