Эмне болду?

29-июнда жүздөгөн миллион долларды Кыргызстандан чыгарууга жана аткезчиликке байланыштуу журналисттик иликтөөнүн дагы бир бөлүгү жарыяланган. Иликтөөнүн бул бөлүгүндө экс-бажычы Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү жана фонду Айеркен Саймаитиден каражаттарды алгандыгы тууралуу далилдерге көңүл бурулган.

*Айеркен Саймаити — Абдукадыр кланынын башчысы Хабибулла Абдукадырдын кол алдында иштеген ишкер. Саймаити Абдукадырга аткезчилик тармагын уюштурууга жардам берип, бул үчүн Кыргызстанда таасирлүү деп эсептелген Матраимовдордун кланындагы ошол убакта бажы башчысынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимов аркылуу кыргыз бажысында байланыштарды түзгөн. Кийинчерээк ал журналисттердин маалыматчысы болуп, аларга миллиондогон доллар акчанын Кыргызстандан чыгарылып кетишин жана аткезчиликти тастыктаган бир катар документтерди берген. Андан соң Саймаити башына ок жеп каза болгон.

Жаңы иликтөөдө эмнелер айтылган?

Журналисттик иликтөөнүн жаңы бөлүгүнүн үстүндө «Клооп», «Азаттык», ошондой эле OCCRP жана Bellingcatтин эл аралык көз карандысыз иликтөөчүлөрү иштешкен. Алар Матраимовдордун фонду аткезчилик тармактан каражат алып турганы боюнча далилдерди келтиришкен жана ал каражат буга чейин ачыкталгандан да көп болгон.

Журналисттер муну банк документтеринин жардамы менен далилдей алышкан. Бул документтер аларга мурда жеткиликтүү эмес эле, бирок Матраимовдордун кланы иликтөөчүлөрдү сотко бергенден кийин журналисттерде документтерди изилдеп көрүүгө мүмкүнчүлүк пайда болгон.

Иликтөөчү журналисттер Матраимовдорго берилген каражаттардын изин Лондондо табышкан. Алар иликтөө чыга электе Матраимовдорго алынган маалыматтар боюнча пикир берүүнү сунушташкан, бирок алар мындан баш тартып коюшкан. Андан тышкары, журналисттер Айеркен Саймаити берген маалыматтардын толук архивин жарыялашкан. Ал документтердин жардамы менен Кыргызстандын ар бир кызматы толук кандуу иликтөө жүргүзө алат.

Матраимов иликтөөгө жооп ирээтинде эмне деп айтты?

Искендер Матраимов

Матраимовдордун үй-бүлөсү жарык көргөн иликтөөгө 2-июлда араң реакция кылды. Бирок иликтөөдө кеп болгон Райымбек Матраимов өзү эмес, анын депутат агасы Искендер Матраимов билдирүү таратты.

Матраимов иликтөөнүн эң биринчи бөлүгүнө көңүл бурган. Анын үстүндө «Азаттык» иш алып барган жана депутат дал ушул басылмага кайрылган.

«Автор, өзүнүн 2019-жылдын 30-майындагы иликтөөсүндө Райымбек Матраимовду Кыргызстандан 700 миллион долларды чыгарып кетти деп айыптаган. Бирок, бул материалда да, кийинки материалдарда да, анын ичинде жаңы иликтөөсүндө да, автор дагы эле далилдерди берген эмес», — деп билдирет Матраимов.

Ал иликтөөчү журналисттер материалында «бир катар башаламан тыянактарды келтиришет» деп көшөрөт. Депутат америкалык банктардын маалыматтарын талашууга аракет кылып, бирок далилдерди келтирген эмес. Анын айтымында, тиркелген далилдер «буга чейин Райымбек Матраимовго коюлган айыптарды тастыктабайт», ал эми журналисттер «коомчулуктун көңүлүн башка жакка буруунга аракет кылууда».

Матраимов биринчи иликтөөдө колдонулган талаштуу документтер шек саноо үчүн дагы бир себеп болгонун айтты.

«Ушул эле иликтөөсүндө автор Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондун Айеркен Саймаитиден 2,3 миллион долларды мыйзамсыз алган деп күнөөлөп, ушул сумманы ырастоочу жасалма документтерди көрсөткөн. Бир жылдан ашык убакыт өттү, автор дагы эле жалган документтерди пайдаланганын мойнуна албай, жооп берүүдөн баш тартып келе жатат», — деп жазган депутат.

Матраимов иликтөөнүн жаңы бөлүгүндө «“Клооп”басылмасы “Азаттыктын” иликтөөсүндө айтылган 2,3 миллион доллардын которулганы жөнүндөгү документтердин жалган экендигин моюндады» деген пикирде.

Депутат «Азаттыктын» видеосунда бул маалымат жок экенине да көңүлүн бурган.

«Ырастоо катары, алар [Клооп] мурунку иликтөөлөрдө жарыяланган маалыматтардын аныктыгын тастыктап беришпеген ошол банктарга кайрылышкан. Бирок “Азаттык” өзүнүн жаңы видео материалында бул учур жөнүндө сөз дагы кылган жок», — деп жазган депутат.

Депутат «Азаттыктан» Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылышы боюнча Райымбек Матраимовго карата айыптоолор «негизсиз» экенин жана биринчи иликтөөдө 2,3 млн доллар акча которуулар боюнча «жалган банктык квитанциялар» болгонун моюнга алынуу талап кылды. Ошол эле учурда, «Азаттыктын» журналисттери биринчи иликтөөдө Матраимовдордун үй-бүлөсү акчанын чыгарылып кетишине тиешеси бар болушу мүмкүн деп эле жазышкан.

Журналисттер биринчи иликтөөсүндө Хабибулла Абдукадырдын компаниялары менен депутат Искендер Матраимовдун жубайы Миновар Жумаеванын бизнесинин ортосунда байланыш бар болгонун тапкан. Ошондой эле, журналисттер булактарга таянып, бажы төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов Кытайдан Өзбекстанга жүк ташууларды көзөмөлгө алганын, ал эми анын иниси Руслан Матраимов «Достук» бекетинин тескөөчүсү болгонун айтып беришкен.

Кийинчерээк, тагыраагы Саймаити киши колдуу болуп өлтүрүлгөндөн кийин «Азаттыктын», «Клооптун» жана OCCRPнин иликтөөчүлөрү биргелешкен иликтөө чыгарышкан. Анда Саймаити журналисттерге Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражатты кантип чыгарып турганын жана Райымбек Матраимов менен кандайча кызматташканын айтып берген. Мыйзамсыз чыгарылган каражат — дээрлик млрд доллар экенин— Финпол да мойнуна алат.

Жаңы документтер Матраимов менен Саймаитинин ортосундагы байланышты бекемдеди

«Азаттык» радиосунун (RFE/RL) Кыргызстандагы филиалы «Азаттык» үналгысы депутаттын айыптоолоруна жооп берип, журналисттер биринчи журналисттик иликтөөдө Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарып кетти деп айтышпаганын билдиришти.

«“Азаттык радиосу” жүргүзгөн биринчи иликтөө электрондук которууларды көрсөткөн документтерге таянган. Саймаити акчаны Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна которгонун айткан. Ал көрсөткөн документтерде ар башка жети операция аркылуу кайрымдуулук фонго 2,3 млн доллардан ашык акча которгону айтылган», — деп тактоо киргизишти «Азаттык» радиосунан.

Басылмадан билдиришкендей, иликтөөнүн автору Али Токтакунов дагы документтердин аныктыгы ырасталган деп айткан эмес.

«Саймаити репортёрлорго берген бул жети операциянын экөөсү 200 000 доллар Матраимовдун фондуна берилгенин көрсөткөн. Жакында эле АКШнын банктарынан алынган документтер бул эки транзакцияны тастыктады», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, иликтөөчүлөр Саймаитиден калган беш операция боюнча документтерди берүүнү суранышканын айтышты, ал эми Саймаити өз кезинде бул акчаны которгом деп ишендирген. Ал бул бүтүмдөр тууралуу кагаз документтерди берүүнү убадалаган, бирок аны берерге бир нече күн калганда ал Стамбулда атып өлтүрүлгөн.

Бул жерде Матраимовдордун фондуна Саймаити жана анын шериктери жөнөткөн беш акча которуунун тастыктамасы бар. Бул жерди бассаңыз, ар бир акча которуу майда деталдары менен өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлөт.

Журналисттердин Матраимовдун фондуна акча которуулар тууралуу АКШнын банктарынын алган документтеринде талаштуу беш транзакция жөнүндө маалыматтар жок. Ал эми Матраимовдун үй-бүлөсү бул транзакциялар ишке ашканын четке кагууда.

«Анткен менен АКШнын банк жазуулары Саймаити менен Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондунун донорлорунун ортосундагы бизге белгилүү болгондон да тереңирээк байланышты аныктады. Алардын ичинде фондго болгон банктык акча котруулар бар, ал жакта акча кайрымдуулук максатта эмес, “текстиль үчүн төлөм” жана “электроника сатып алуу үчүн” деп коммерциялык максатта которулганы жазылган. Матраимовдордун үй-бүлөсү бул бүтүмдөр боюнча олуттуу комментарий бере элек», — деп айтылат билдирүүдө.

«Азаттык» үналгысынын билдирүүсүндө АКШдан келген документтер Матраимовдун фондуна бери эле дегенде 670 000 доллар электрондук которуу болгонун тастыктап турат деп айтылат. Алар Матраимовдун Саймаити жана анын өнөктөштөрү менен байланышын далилдеп турат.

«Бул банк которууларынын бардыгы Райымбек Матраимов Кыргызстандын бажысынын жогорку мансаптуу аткаминери болуп турган мезгилде жасалган. Саймаити билдиргендей, ага бүткүл Борбор Азия боюнча мыйзамсыз жүк ташуу империясын башкарган Абдукадырдын үй-бүлөсү тарабынан Матраимовдун кайрымдуулук фондуна акча которуу тапшырмасы берилген. Анын айтымында, акча которуулар Райымбек Матраимов үчүн пара болгон. Матраимовдордун үй-бүлөсү муну четке кагууда», — деп айтылат билдирүүдө.

«Азаттык» радиосу кыргыз бийлигин объективдүү иликтөө жүргүзүү үчүн Саймаити киши колдуу болгонго чейин Кыргызстандын бажы кызматындагы коррупция боюнча берген далилдерин колдонууга чакырды.

«Матраимов иликтөөнү бурмалап жатат»

OCCRPдеги эл аралык иликтөөчүлөр дагы Матраимовдун билдирүүсүнө комментарий беришти. Алар депутат «иликтөөнү туура эмес мүнөздөп жатат» деп эсептешет.

«Матраимов анын фонду болгону 200 000 доллар алды дейт. Саймаити 2,4 млн доллар жөнөткөнүн айтат. Биз бери эле дегенде фондго Саймаити аркылуу 670 000 доллар кеткенин далилдедик. Матраимов чындыкты бурмалап жатат», — деди OCCRPнин редактору Дрю Салливан.

Иликтөөчүлөр материалдагы бардык фактылар документ менен тастыкталганын, Саймаитинин эсинде калгандарга негизделген жана тастыкталбаган учурлар материалда ошондой көрсөтүлгөнүн билдиришти.

Эл аралык адистер иликтөөнүн жаңы баскычында келтирилген документалдык далилдердин Матраимовдордун өз кайрымдуулук фондусунун иши тууралуу айткандарына карама-каршы келип жатканына көңүл бурушат.

«Негизинен көптөгөн документалдык булактар фонд Саймаити менен байланышкан булактардан 670 000 доллар алганын көрсөтүүдө. Бул акчалар боюнча транзакциялар “кездеме” жана “электроника” катары белгиленген, бул болсо фонддун ишине туура келбейт», — дешет алар.

Мурдараак Искендер Матраимов туугандары жана фонд Саймаити менен байланыштуу экенин төгүндөп, фондго 200 миң доллар которушканын тастыктаган. Бирок акча жөнөтүүчүнүн аты-жөнүн айтуудан баш тарткан. Анткен менен, Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы акчаны Саймаитинин жубайы жибергенин билдирген.

Бул тема боюнча жакшыраак түшүнүш үчүн эмнени окуш керек?

Бул жерде кызыктуулар абдан эле көп.