«Сиздерди колдоо жана коргоо ишин улантабыз». Президент медиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн медиктерине Медицина кызматкеринин күнүнө карата кайрылуу жасады. Ал медкызматкерлерди колдоп, аларга кам көрүүнү убада кылып, кыргызстандыктарды мындай «оор күндөрдө» биригүүгө чакырды.

«Өмүрүңөргө болгон коркунучка карабай, биздин амандыгыбыз үчүн күнү-түнү тыным көрбөй, күрөшүүдөсүңөр. Берген антыңарга бекем туруп, милдетиңерди бийик жоопкерчилик менен аткаруудасыңар. Сиздердин бул каармандыгыңарга таазим кылабыз!» — деди Жээнбеков.

Ал жакындарын, анын ичинде «акырына чейин милдетин аткарып жүрүп» каза тапкан медкызматкер туугандарын жоготкон кыргызстандыктардын бардыгына көңүл айтты.

«Сиздердин эмгегиңер жогорку баага татыктуу. Медиктердин статусун жогорулатууга, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шартында иштегендерди материалдык колдоого багытталган мыйзамга өзгөртүүлөр кирди. Сиздерди колдоо жана коргоо ишин улантабыз», — деп билдирди президент.

*Жээнбеков 29-июнда кол койгон «Медкызматкерлердин статусу жөнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү айткысы келген. Мыйзамга медиктердин ӨА жана ӨК режимдеринде эмгек шарттары жазылган. Мисалы, эми ооруканалар кызматкерлерин жумушка алып келип, кайра жеткирип, анын ичинде эгер медик кызмат учурунда ооруп калса дарыланууга кеткен чыгымын тургузуп бериши керек. Мындан тышкары, медиктерге эми расмий түрдө кризистүү кырдаалдарда иштегени үчүн компенсациялар каралат. Өзгөртүүлөр мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелерде иштеген мээрбандардын бардыгына тиешелүү.

Президент коронавирус пандемиясы «саламаттыкты сактоо тармагындагы тереңдеп кеткен көйгөйлөрдү ачыктаганын» моюндап, аларды чечүүнү убадалады.

Ал медициналык кадрлар жетишсиз болгондуктан, мамлекеттик эмес клиникалар, күч органдарынын ооруканалары, аскер врачтары ишке тартылаарын билдирип, медицина окуу жайларынын студенттеринен ыктыярдуу бригадаларды түзүүгө чакырды.

«Ушундай оор мезгилде да өз капчыгын толтургусу келгендерди „эл душманы“ деп ачык айтам. Дары-дармектердин, беткаптардын, өздүк коргонуу каражаттарынын баасын көтөргөндөр жазасыз калбайт», — деди президент.

Медкызматкерлерге компенсациялар

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, үч айдын ичинде медкызматкерлерге 259,1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилген.

«Коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө тартылган медицина кызматкерлерине дем берүү максатында компенсациялык төлөмдөрдү чегерүү үчүн жалпы 377,5 млн сом бөлүндү», — деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Мындан тышкары, жумуш учурунда коронавирус жуктуруп алган медиктерге 200 миң сом өлчөмүндө бир жолу берилүүчү компенсация каралган. Компенсацияны төлөп берүү тууралуу чечимди инфекция жуктуруунун жагдайын иликтөөнүн негизинде атайын комиссия чыгарат.

Учурда Ош облусунда COVID-19 жугузуп, бирок компенсация ала элек 41 медкызматкер тууралуу белгилүү.

Акыркы суткада 73 медикте коронавирус тастыкталды, пандемия башталгандан бери инфекция 994 медикте аныкталып, алардын ичинен расмий 484 медик айыгып, бешөө каза тапты.