Юрист Канат Хасанов башкы прокурорду экс-премьер Абылгазиевге кылмыш ишин козгоону суранды

Адвокат Канат Хасанов фейсбукта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун дарегине билдирүү жазды. Кайрылууда ал өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге кылмыш ишин козгоону суранды.

Ал Бишкекте карантин болуп аткандыктан жеринде барып арыз тапшыра албасын, ошондуктан соцтармактагы арызын КЖБРге каттоону суранып атканын белгиледи.

Хасанов арызында Абылгазиев өкмөт башчысы болуп турганда COVID-19 пандемиясынын жүрүшүндө «иш-чаралардын комплексин жүргүзүүдө кызматтык ыйгарымдарын колдонуп, учурдагы мыйзамга каршы аракет кылып, кызматтык ыйгарым укуктарына шалаакылык мамиле жасаганын» билдирди.

Анын айтымында, мурдагы өкмөт башчысынын иш-аракеттери «120дан ашуун адамдын өмүрүн кыйган, ал эми муну өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кошсо болот».

«Кыргызстан үчүн эл аралык каржы институттарынан алынган каржылык жардамдардын кандай бөлүштүрүлгөнүн дыкат текшерилүүсүн суранабыз, себеп дегенге “Kaktus.Mediaнын” барагында жарык көргөн “ПолитКлиника” сайтынын иликтөөсүнө ылайык, акча каражаттарын бөлүштүрүүдө акчаларды ууурдоо боюнча коррупциялык көрүнүштөрдүн белгилери көрүнүп турат. Эгер тастыкталып кала турган болсо Абылгазиевге, Бороновго жана жеке пайда көрүү максатында акча каражаттарынын уурдалышына жол берген башка буга тиешелүү адамдарга кылмыш ишин козгоону суранабыз!» — деп жазылган адвокаттын арызында.

Буга чейин коронавирус шарттаган пневмониядан улам өзү оор абалда болуп аткан юрист Канат Хасанов фейсбук барагында кесиптеши Кайрат Загибаев каза тапканын кабарлаган. Юрист пневмониясы өөрчүп кеткендиктен көз жумган.

Канат Хасановдун айтымында, аны менен кошо учурда алты адвокат оор абалда.

«ПолитКлиника» басылмасы 1-июлда пандемия мезгилинде өткөрүлгөн мамсатыпалуулар боюнча иликтөө жарыялаган. Ага ылайык, жеке коргонуу каражаттары менен беткаптардын баасы кымбат алынган — базар баасы 2 миң сомдон ашпаган коргооччу костюмдары 6 миң сомдон, ал эми респиратор беткаптары 300-400 сомдон сатылып алынган.

Иликтөөнүн авторлору бут беткаптардын кадимки баасы 30 сомдон 150 сомго чейин экенин белгилешкен. Ошондой эле кадимки медициналык беткаптар 25 сомдон сатылып алынганы айтылган.

2-июлда Финполдон президенттин тапшырмасы менен журналисттик иликтөөдө айтылган фактылар боюнча иликтөө жүрүп атканын билдиришкен.