Акыркы суткада коронавирус жана пневмониядан 33 бейтап каза тапты

Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска чалдыккан эки адамдын өлүмү тууралуу кабарлады, ал эми республикалык штаб пневмониядан 31 бейтап каза тапканын маалымдады.

Бишкектеги инфекциялык ооруканада COVID-19у тастыкталган 65 жаштагы киши каза болду, ал эми Ноокаттын аймактык ооруканасында 74 жаштагы адам көз жумду. Саламаттык сактоо министрлиги диагноздун чоо-жайы жана коштоочу оорулардын бар-жогу тууралуу кабарлаган жок. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 78 адамга жетти.

Республикалык штаб COVID-19у тастыкталбаган, бирок пневмония менен ооруган бейтаптардын каза болушу тууралуу алардын жалпы санын гана кабарлады — 31 адам. Бирок алардын жаш курактары, диагноздору, жаткан ооруканалары, катталган аймактары боюнча маалымат беришкен жок.

Пандемия башталгандан бери пневмония менен ооруган 151 бейтап каза болгону белгилүү.

Айрым өлкөлөрдө коронавирусу тастыкталбаган, бирок пневмонияга чалдыккан бейтаптарды жана COVID-19у тастыкталган адамдарды коронавирус жуктуруу учурларына жазышат. Эгер Кыргызстанда да ушундай эсептешсе, анда каза болгондордун саны расмий аталган сандан көбүрөөк болмок — 229 адам.

Өлкө боюнча коронавирусу тастыкталган 7094 учур жана COVID-19га тапшырган анализи таза чыгып, бирок пневмония болгон 3009 бейтап катталган.