ИИМдин коргоо кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук бөлүмүнүн башчысы Айбек Баеков 4-июлда каза болду. Ал 50 жашта болгон.

Министрликтин мамлекеттик адистештирилген коргоо кызматынын башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, Баеков эки тараптуу пневмония дартына кабылып, жакшы боло албай үзүлгөн.

Айбек Баеков Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору, Конституциялык палатанын экс-төраайым Чолпон Баекованын уулу.

Республикалык штабдан кабарлашкандай, 5-июлга карата бир сутка ичинде пневмониядан 26 бейтап каза болду. Алардын 17си Бишкекте болсо, 9у башка аймактарга туура келет. Март айынан бери пневмониядан көз жумгандардын жалпы саны 177 адамды түздү.

Соңку кездери пневмония жана коронавирус менен ооругандар кескин көбөйгөндүктөн мейманкана менен спорт комплекстеринде кошумча жайлар уюштурулуп жатат. Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында күндүзгү стационар уюштурулду. Андан сырткары Арча-Бешик конушундагы «Газпром» ден соолукту чыңдоо борборунда, Түштүк магистралдагы чиркөөнүн жанындагы наабайканынын имараты жана Раатбек.Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде стационарлар ачылды. Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев аталган жайлар күн сайын эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин иштей турганын айтты.

«Күндүзгү борборлорду ачуунун негизги максаты, оор абалдагы бейтаптарды ооруканаларга жаткырып дарылап, ал эми жеңил жана орто жеңилдиктеги абалдагы бейтаптар аталган борборлорго барып кеңеш алып, капельница сайдырып, үйүңүздөргө кетсеңиздер болот», - деди ал.