Саламаттык сактоо министринин экс-орун басары Абдиманнап Муратов пневмониядан көз жумду

Абдиманнап Муратов

Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Абдиманнап Муратов 4-июлда пневмониядан улам каза болду. Ал 59 жашта болгон. Бул тууралуу мекеменин мурдагы басма сөз катчысы Елена Баялинова өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

«Коронавирус бизден дагы бир дарыгер, педиатр, саламаттык сактоону жаюучу жана өтө тартиптүү адам Муратов Абдиманнап Аттокуровичти алып кетти. [...] Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам», — деп жазган Баялинова.

Муратов көп жылдан бери медицина тармагында эмгектенип, 2009-жылы саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалган. 2016-жылы билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген.

Кыргызстанда март айынан тарта пневмониянын 3 миңден ашуун учуру катталган — бирок алардын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөткөн. 5-июлга карата пневмониядан дагы 26 адам көз жумду — жалпысынан 177 учур.