Акыркы суткада коронавирус жуктурган 4 киши каза болду — тизме

Иллюстративдик сүрөт. 

Республикалык штаб Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирус жуктурган дагы төрт бейтап каза болгонун билдирди. Алар төмөнкү ооруканаларда дарыланып жатышкан:

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 73 жашта);

Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 53 жашта);

Чүй облусунун Токмок аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 86 жашта);

Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 41 жашта).

Коронавирус жуктуруп каза болгондордун эң көбү Бишкек шаарында катталды — 30 учур. Ош облусунда COVID-19дан көз жумгандардын саны 17тү түздү. Ошондой эле Ош шаарында 10, Чүй облусунда 19, Нарын облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 6, Ысык-Көл жана Талас, Баткен облустарында бирден бейтап кайтыш болду.

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп көз жумган бейтаптардын саны 92га жетти, алардын арасында жети медкызматкер жана бир мугалим бар. Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирус жалпысынан 7691 кишиге жукту. Анын 2843ү айыгып ооруканадан чыгарылды.