Сүрөттө Алмамбет Шыкмаматовдун аялы Жанара Турдакунова менен

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун аялы Жанара Турдакунова коронавирустан каза болду. Бул маалыматты «Бир Бол» партиясынын лидери, депутат Алтынбек Сулайманов «Азаттык» радиосуна ырастаган.

Шыкмаматов буга чейин журналист Назира Айтбековага берген атайын маегинде жубайынын артынан бир жылдай жүрүп, акыркы аны көндүрүп, кийин баш кошконун айткан. Андан сырткары ата-энесинен эрте ажырагандыктан эненин мээримин жубайынан издерин билдирген.

«Төрт балабыз бар [үч уул, бир кыз]. Кээде “улуу баласы менмин” деп тамашалап коём. Келинчегиме “байпагым кайда”, “чай куюп бер” деп эркелейм. Өзүм деле куюп алсам болот. Башкасы куюп берсе ичпей коём, ал куюп берсе ичем. Келинчегим дагы ошону түшүнөт болсо керек, мага аяр мамиле жасайт», - деген ал.

6-июлга карата Кыргызстан боюнча коронавирус 7691 кишиден табылып, 2843 киши оорудан айыкты. Ал эми илдет 92 кишинин өмүрүн алды.