Нейрохирург Бектемир Мукамбетөмүров пневмониядан көз жумду

Нейрохирург Бектемир Мукамбетөмүров

Улуттук госпиталдын жогорку категориядагы нейрохирургу, Эмгек сиңирген дарыгер Бектемир Мукамбетөмүров 6-июлда каза болду. Анын артында эки кыз жана үч уулу калды.

«Саламаттык сактоонун тажрыйбалуу адисинен айрылдык. Ага буга чейин дарыгерлер тарабынан “эки тараптуу пневмония” диагнозу коюлган болчу. Бектемир Курбаналиевич биз үчүн үлгүлүү адис гана болбостон, өз элинин ишенген жана боорукер уулу болчу», — деп жазат Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Елена Баялинова.

Мукамбетөмүров 1953-жылдын 5-январында Нарын облусунун Эмгекчил айылында туулган. 1976-жылы Иса Ахунбаев атындагы медициналык академияны, 1978-жылы ординатураны аяктаган.

1993-жылы Бишкектеги тез жардам клиникалык ооруканасында дарыгер катары иштеген. Андан кийин он жыл Нарын облустук ооруканасында жетекчилик кызматты аркалаган. Ал эми 2003-жылдан тарта Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын №2 нейросынык бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенип келген.

Ошондой эле Мукамбетөмүров Жогорку Кеңештин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Пневмония оорусунан 5-июлда Ысык-Көл облусттук ооруканасынын педиатрия бөлүмүнүн 62 жаштагы дарыгери Эдил Садыков каза тапкан. Садыковдун артында үч баласы калды. Мындан сырткары аталган илдеттен Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүнүн акушери Заида Терекбаева көз жумганы белгилүү болду. Каза болгон дарыгерлерден алынган анализ COVID-19 аныкталган эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинен «Азаттык» басылмасына маалымдагандай, 6-июлга карата өлкө боюнча пневмония диагнозу менен ооруканаларда жаткан бейтаптардын саны 2329ду түздү, алардын ичинен 1573ү Бишкек шаарындагы бейтапканада жатат. Ал эми бейтаптардын 552синин абалы оор, ошондой эле жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптардын саны — 154.

6-июлда пневмониядан 18 бейтап каза болду. Алардын ичинен он учур Бишкек шаарынан катталды. Ал эми пневмониядан жалпы каза болгон кишилердин саны март айынан тарта 195ке жетти.