COVID-19 жуктургандардын саны 8 миңден ашты — жаңы 450 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 7-июлдагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 450 учуру катталганын маалымдады. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында 78 медкызматкер бар.

Жаңы учурлардын дээрлик жарымы Бишкек шаарында катталды — 229. Ошондой эле Чүй облусунда — 84, Жалал-Абад облусунда — 47, Ош шаарында — 32, Ош облусунда — 23, Ысык-Көл облусунда — 13, Нарын облусунда — 11, Баткен облусунда — 10 жана Талас облусунда бир адам коронавируска чалдыкты.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны 8141ге жетти. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 1225 медкызматкер бар. Илдеттен 99 киши каза болуп, 2916 бейтап айыкты.

Жалпы оорулуулардын 3434ү Бишкек шаарында — борбор калаа бул көрсөткүч боюнча биринчи орунда. Чүй облусунда — 1494, Ош шаарында — 856, Нарын облусунда — 572, Ош облусунда — 579, Жалал-Абадда — 478, Ысык-Көл облусунда — 234, Баткен облусунда — 172 жана Талас облусунда 82 учур катталды. Мындан сырткары Орусиядан келген 240 мекендештерден коронавирус аныкталган.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 602 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде 98 бейтап оор абалда — 21 бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ал эми коронавирусту жуктурган, бирок оорунун белгилери байкалбаган 4524 бейтап үй карантининде отурат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 2253.