Коронавирустан айыккандардын саны 2916га жетти — дагы 73 бейтап сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 7-июлга карата коронавирустан дагы 73 бейтап айыкканын кабарлады — алардын ичинде 12 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарынан — 29;

Ош шаарынан — 17;

Ош облусунан — 10;

Чуй облусунан — 8;

Жалал-Абад облусунан — 4;

Талас облусунан — 3;

Баткен облусунан — 2.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 2916га жетти — бул жалпы оорулуулардын 35 пайызын түзөт. Айыккандардын 515и медкызматкер.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 8141ге жетти. Алардын ичинен 99 бейтап каза болду.