Ижарачылар пандемиядан улам «Бета Сторес 2» менен Орто-Сай базарын жабууну суранышты

Бишкектин түштүк-чыгышында жайгашкан «Бета Сторес 2деги» бутиктердин ижарачылары соода борборунун администрациясына даттанышты.

«Бардык кызматкерлер/ижарачылар ооруп жатышат, бизде жумушка чыгып иштөөгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бул үчүн соода борборунун жетекчилиги ар бир жабык күн үчүн 1000 сомдон штраф салам деп коркутуп жатат, ал эми бизде азыркы ижара акысын дагы төлөөгө акчабыз жок, анткени адамдар соода борборуна келбей калышты», — деп билдиришти ижарачылар.

Алар администрация штрафтар жана туумдар менен коркутуп жатканын айтып нааразы болушту.

«Мындан тышкары, Бетанын жетекчилиги башка соода борборлорундай ижара акысын бирөөнө да арзандатып берген жок. Ал эми өзгөчө абал режими убагында (март-апрель карантининде) өзүбүздүн товарларыбызга жеткилик беришкен жок. Бирок өкмөттүн жарлыгы боюнча биз онлайн аянтчалар аркылуу өз товарыбызды сатууга толук укуктуу болчубуз!» — деп айтышты алар.

Ижарачылар ЖМКларды Бишкектеги соода борборлорунун бардыгын жабуу маселесин көтөрүүнү сураныштууда. Алардын айтымында, алардын башка соода борборлорундагы кесиптештери да бул тууралуу суранышууда.

Ал эми «Бета Сторес 2» соода борборунун жанында жайгашкан «Орто-Сай» базарынын ижарачылары калаа мэри Азиз Суракматовдун атына кайрылуу жазышты.

Соодагерлер карантин аяктагандан кийин сатуулары азайып, түшкөн кирешелери базардагы жердин ижара акысын төлөөгө да жетпей жатканын айтышты.

«Июнь айында тапкан акчабыз жада калса ижара акысы менен салык төккөнгө да жетпей жатат! Арабызда көпчүлүгүбүздө кредит бар, кээ бирөө батирде турат, балдарынын курсагын тойгузганга эч нерсеси жок жалгызбой энелер бар!» — деп жазышты алар.

Алар транспорттун жүрүүсүнө чектөө киргизилгенден кийин сатып алуучулар келбей, сатуулар 90%га төмөндөп кеткенин билдиришти.

«Сырттан караганда сатып алуучулар базарда жүрүшкөндөй көрүнүшү мүмкүн, бирок алар эч нерсе сатып алышпайт, өздөрүн жана бизди — базарда иштегендерди инфекция жуктуруп алуу коркунучуна кептеп жатышат», — деп даттанышты базардагы ижарачылар.

Алар Орто-Сай базарын карантинге жаап, контейнер, жер салыгы жана патентке болгон бардык төлөмдөрдү токтотуп турууну талап кылышты.

«Эгер талабыбыз аткарылбаса, анда өзүбүз карантинге жабылабыз! Контейнер ижарасы, жер салыгы жана патентке болгон салыктардын бардыгын төлөбөйбүз! Эгер өкмөт бизге кам көргүсү келбесе, өз жарандарына, анда өзүбүзгө жана башка адамдарга өзүбүз кам көрөбүз!», — деп билдиришти алар.

Алардын кайрылууларынан кийин «Сейчас.kg» паблигинде «Орто-Сай» буюм базарынын ижарачылары өз ыктыяры менен 20-июлга чейин карантинге кетип жатышканы тууралуу маалымат жарыяланган.

Бишкек мэриясынан жооп беришкендей, ижарачылар кайрылууларын жалпы бөлүмгө жөнөтүшү керек, ошондо кайрылуулар ошол жерде катталып, жогору турган инстанцияларга берилет.

Кайсыл базарлар менен соода борборлору жабылды?

«Дордой Плаза» соода борбору 19-июлга чейин карантинге жабылып жаткандыгын жарыялады.

Анткен менен борбордо жайгашкан «Фрунзе» гипермаркети, «Неман» дарыканасы жана «Демир банк» ишин уланта берет.

Ошондой эле «Азия Молл» соода борбору, ЦУМ, «Технопарк» жабылат, бирок аталган борборлордун имаратында жайгашка дарыканалар, унаа токтотуучу жайлар, банктар жана супермаркеттер ишин уланта берет.

Бишкек мэриясынан дагы кайсыл соода борборлору жабылды деген суроого жооп бере алышкан жок. Ал жактан маалыматты акимиаттардан тактоону суранышты, бирок алар менен да байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.