Өмүрбек Текебаев жубайы Айгүл Текебаева менен

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаевага коронавирус жукканы ырасталып, ооруканага жаткырылды.

Партиянын тарапташтарынын «Клоопко» билдиришинче, Текебаевдин дене табы көтөрүлгөн, бирок ал ооруканага, же күндүзгү стационарга кайрылган эмес, учурда үйүндө. Ошондой эле, анын коронавируска тест тапшырып-тапшырбаганы азырынча белгисиз.

Кыргызстанда июнь айынын ортосунан тарта коронавирус илдетине чалдыккандардын саны кескин өскөн. 8-июлга карата коронавирустан жалпысынан 112 киши каза болсо, 8486 кишиге жукканы ырысталган. Анын 2983ү айыгып ооруканадан чыгарылды. Ошол эле маалда март айынан бери пневмониядан көз жумгандар 268 кишини түздү.

Ал ортодо Саламаттык сактоо министрлиги пневмонияны коронавирус козгоп жаткандыктан эки илдеттен каза болгондорду чогуу саноону көздөп жатат. Буга чейин өкмөт башчысы Кубатбек Боронов жарандар пневмония менен коронавирус инфекциясын жуктургандыктан ооруп жатканын айткан. Учурда эки илдеттен каза болгондор тууралуу статистика эки башка жүргүзүлүп келүүдө.