«Манас» эл аралык аэропортунун инвестициялык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча экс-вице-президенти Даир Токобаев 7-июлда 34 жашында пневмониядан каза болгонун санаалаштары билдирди.

Ага ылайык, Токобаев оор абалда реанимацияда бир жумадай жаткан.

Даир Токобаев 1986-жылы 23-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз-орус славян университетин аяктап, АКШдагы Yale университетинен билим алган.

Токобаев стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директорунун орун басары, «Манас» эл аралык аэропортунун инвестициялык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча экс-вице-президенти болуп иштеген. Соңку кездери саясий партияларга шайлоо алдында кеп-кеңеш берип иштеп жүргөн.

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Токобаевдин каза болгонун өтө кайгыруу менен кабыл алганын жазды. Ал маркумду иш билги, оор кырдаалдан дайыма жол тапкан, ишкерликтин кандай гана багыты болбосун аны ийгиликке алып келген инсан катары сыпаттаган.

«Тилекке каршы коронавирус чумасы сенин да өмүрүңдү алып тынды. Иним сен 34 эле жашта элең. Кантип ушундай болсун. Мен үчүн, үй-бүлөм үчүн бул орду толгус жоготуу», — деп жазды ал.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев дагы көңүл айтты. Ал башкалар алардын үй-бүлөсүнөн жүзүн буруп кеткенде Токобаев алардын жанында болгонун белгиледи.

«Жаткан жери жайлуу болсун, ыйманы жолдош болсун!!! Даир башкалар бизди карагандан да коркуп турган учурда сен жаныбызда болдуң», — деп жазды Атамбаев.

2019-жылы октябрь айында Финполиция «Манас» эл аралык аэропортунан оффшордук компания аркылуу 5 млн доллар чыгарылып кеткенин ачыктаган. Бул иш аракеттерге Даир Токобаевдин катыштыгы бар экени маалымдалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча 2014-жылы аталган каражаттар дээрлик банкрот болоюн деп калган жана баасы 100 миң доллардан ашпаган «Топливный центр» компаниясын сатып алууга жумшалган. Токобаев 2014-жылы «Манас» эл аралык аэропортунун башкаруучулугунун курамына кирген.