Кыргыз-түрк ооруканасынын бир дарыгери жашыруун шарты менен ооруканага аткаминерлер менен туугандык байланышы же «тааныш-билиштиги» бар бейтаптарды кабыл алып жатышканын «Апрель» маалымат агенттигине айтып берди.
Анын айтымында, оорукананын бөлүмүнө кабыл алуу алдын ала даярдалган тизме боюнча өтүүдө.
«Ал жакта “жөнөкөй” [бейтаптар] жок, ал жакта бардыгы “мансаптуулар” — мэриядан, прокуратурадан, УКМКдан, Каржы министрлиги жана башка [мекемелердин аткаминерлери]. Алардын көпчүлүгү саламаттык министринин орун басары Мадемин Каратаев, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, профессор Талантбек Сооронбаев жана Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананын башкы врачы Гүлжигит Аалиев менен сүйлөшүп алып [ооруканага] түшүп жатышат», — дейт врач.
Врач ооруканадагы бейтаптардын көбү ооруканага жаткыруу көрсөтмөсү жок жатышканына даттанды — мисалы, жеңил же орточо-оор оору менен жатышат, бирок Саламаттык сактоо министрлиги жеңил формадагы бейтаптар үйдө болушу керек деп көптөн-көп сунуштаган.
«Алар бизге фамилияларды беришет, ошолорду гана кабыл алып, жаткырып жатабыз. Башкалар — жок. Мобилдүү топ оорулууларды алып келген учурлар кээде эле болгон. Негизинен бизге фамилияларды беришкен. Мен алар ошол тизмени кайдан алышаарын билбейм, балким Штаб, балким РКИОнун колл-борбору [берет]. Инфекциячы врачтардан тизме тууралуу сурасак алар так кесе жооп беришпейт», — дейт врач.
Анын айтымында, ал бийликке кайрылган, бирок аткаминерлер бардыгын четке кагышууда.
«Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Штабдын [бейтаптарды тизме боюнча ооруканага жаткырууга] тиешеси бар экендигин төгүнгө чыгарды. Ал башкармалыктын тиешеси жоктугун жана ал бул процесске такыр кийлигишпесин айтты», — деди врач.
Депутат Дастан Бекешев «Апрелге» курган маегинде билдиргендей, ал Исмаилова менен жарым-жартылай макул — Республикалык штабда ооруканага жаткырыла турган бейтаптардын тизмесин түзүүгө ыйгарым укугу жок. Анын айтымында, азыркы учурда ооруканадагы кырдаалды изилдөө мүмкүн эмес.
«Врачтын сыры деген түшүнүк бар — врачтар ооруканада жаткандардын жеке маалыматтарын берип, жайылта алышпайт. Аны кийин кырдаал басаңдаганда текшерип көрсө болот. Азыр укук коргоо органдарына тапшырма берген күндө деле алар врачтарды текшеришпейт. Текшеребиз, бул маселени жазып алдым», — деди депутат.
Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт?
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» курган маегинде, Кыргыз-түрк ооруканасында иштеген врачтын арыздануусуна комментарий бере албаганы менен ооруканага бардыгы кабыл алынып жатканын белгиледи.
«Мен азыр эч нерсе айта албайм, менде мындай маалымат жок. Абалдын оорлугуна жараша баарын кабыл алуудабыз. [...] Дагырерлер ал жакта оор жана өтө оор абалдагы адамдарды кабыл алып жатышат, акыркы күндөрү оор бейтаптар көп келгенине байланыштуу, алар ПЧР [анализи] таза чыгып, бирок пневмониясы оор болгондорду кабыл алып жатышат», — деди Айгерчинова.
Бишкекте эпидемкырдаал начарлап, COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын саны өсүп атканына байланыштуу калаанын ооруканалары тез толуп, оорулуулар үчүн орундуктар жетпей жатканы байкалууда.
Буга байланыштуу ишкерлер жана бизнесмендер өздөрүнүн орун жайларын бийликке стационар ачуу үчүн берип жатышат.
Ошондой эле Бишкек мэриясы шаардын ар бир районунда күндүзгү стационарларды ачкан.
Мэриянын басма сөз кызматы 7-июлда ишкерлер менен биргеликте мектептердин базасында кошумча дагы төрт стационар ачканын кабарлаган.
- Биринчи май району: Патрис Лумумба көчөсү, 9, №83 мектеп;
- Ленин району: Токтогул көчөсү, 220, №68 мектеп;
- Свердлов району: Дордой-13 көчөсү, 487/4 («Дордой» конушу), №94 мектеп;
- Октябрь району: Анкара көчөсү, 1/10, «Сейтек» мектеби.
Алар эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин иштешет.
Муниципалитеттен билдиришендей, күндүзгү стационарлар оор абалдагы бейтаптарга ылайыкталган эмес, ал жакка жеңил ОРВИ формасындагы бейтаптарды гана кабыл ала алышып, дары тамчылаткычтарды жана медициналык консультация бере алышат.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 8-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруу учурларынын саны 8 486га жетти. Алардын ичинен COVID-19дан 2 983 бейтап айыкты. Коронавирус диагнозу менен 112 адам каза тапты.
Март айынан бери республика боюнча пневмониядан 268 адам көз жумду.