Коронавирус жуктурган 4 бейтап, пневмониядан 42 адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы төрт бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб 9-июлда кабарлады. Алар:

  • Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (эркек, 77 жашта);
  • Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аял, 62 жашта, эркек, 55 жашта);
  • Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 68 жашта).

Ушуну менен коронавирусту жугуп каза болгон бейтаптардын саны 116га жетти. Расмий маалыматка ылайык, алардын арасында төрт медкызматкер бар. Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктуруп, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет.

Коронавирустан улам каза болгондордун эң көбү Бишкек шаарында катталды — 37 учур. Чүй облусунда — 26, Ош облусунда — 19, Ош шаарында — 11, Нарын облусунда тогуз, Жалал-Абад облусунда сегиз, Баткен, Талас жана Ысык-Көл облустарында экиден бейтап кайтыш болду.

Ошондой эле өткөн суткада пневмонияга чалдыккан, бирок COVID-19 илдетти аныкталбаган 42 бейтап көз жумду — алардын жарымы Бишкек шаарында катталды. Март айынан бери пневмониядан жалпы 310 адам каза болду.