Кыргызстанда коронавирустун жаңы 361 учуру катталды — жалпы 8847 учур

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Нарын шаардык мэриясы

Республикалык штабдан 9-июлда Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 361 учуру катталганын маалымдашты. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында 83 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 150 (20 медкызматкер);

Чүй облусунда — 59 (5 медкызматкер);

Ош шаарында — 43 (22 медкызматкер);

Ош облусунда — 28 (12 медкызматкер);

Жалал-Абад облусунда — 25 (8 медкызматкер);

Баткен облусунда — 20 (5 медкызматкер);

Нарын облусунда — 18 (3 медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 17 (8 медкызматкер);

Талас облусунда — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны 8847ге жетти. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 1370 медкызматкер бар. Илдеттен 116 киши каза болуп, 3053 бейтап айыкты.

Жалпы оорулуулардын 3767 Бишкек шаарында — борбор калаа бул көрсөткүч боюнча биринчи орунда. Чүй облусунда — 1604, Ош шаарында — 921, Нарын облусунда — 604, Ош облусунда — 614, Жалал-Абадда — 526, Ысык-Көл облусунда — 275, Баткен облусунда — 213 жана Талас облусунда 83 учур катталды. Мындан сырткары Орусиядан келген 240 мекендештерден коронавирус аныкталган.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 610 адам дарыланып жатат — алардын ичинде 14 бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ошондой эле коронавирусту жуктурган, бирок оорунун белгилери байкалбаган 5068 бейтап үй карантининде отурат. Акыркы сутка ичинде 2600 изилдөө жүргүзүлгөн.