Өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны 3 миңден ашты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы

Республикалык штаб 9-июлга карата коронавирустан дагы 70 бейтап айыкканын кабарлады — алардын ичинде 10 медкызматкер бар.

Илдеттен айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 25. Чүй облусунда — 15, Баткен облусунда — 10, Ош шаарында жети, Нарын облусунда беш, Жалал-Абад лоблусунда төрт, Ош облусунда үч жана Ысык-Көл облусунда бир бейтап коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 3053кө жетти — алардын 532си медкызматкер.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 8847ге жетти. 9-июлга карата жаңы 361 учур катталды. Коронавирус жалпысынан 116 кишинин өмүрүн алды.