Ошто 4 кишини топурак басып калып, алардын бирөө каза тапты

Кырсык орун алган жер.  Сүрөт: ӨКМ

Ош шаарынын Биринчи май көчөсүндө 10-июлда суу түтүгү үчүн казылган чуңкурда иштеп жаткан төрт кишини топурак басып калды. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу барып, үч кишини куткарып калууга үлгүрүштү. Бирок бир тургун кырсыктан каза тапканы маалымдалды.

Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда, анын сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

ӨКМдин басма сөз кызматынан куткарылгандар тез жардам кызматына өткөрүлүп берилгенин, алар туруктуу абалда экенин билдирди.