Бишкек мэриясынын транспорт башкармалыгынын экс-башчысы дүйнө салды. Ал пневмония болгон

64 жаштагы Абдрахим Абдрасиловдун дүйнө салганы тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

«Кесиптешибиз, досубуз жана 17 жылдык өмүрүн шаардык коомдук транспортту өнүктүрүүгө арнаган адам, Абдрасилов Абдрахимдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын өтө оор кайгыруу менен кабыл алдык», — деп кабарлады муниципалитет сайтында.

Мэриянын маалыматына ылайык, Абдрасилов пневмония болгон.

«Абдрахим Акчалович эрте кете бергени өкүнүчтүү, пневмония кесиптешибиздин өмүрүн 65 жашында кыйды», — деп кабарлады мэрия.

Абдрасилов Талас облусунун Киров районунун Чеч-Дөбө айлында 1965 жылы жарык дүйнөгө келген. Инженер-механик адистигин окуган. Ар убакта Бишктеги №3 автотранспорт ишканасын, Бишкектин жүргүнчүлөр автокомитетин жана Шаардык транспорт башкармалыгын жетектеген.