Өткөн сутка ичинде коронавирустан жети, пневмониядан 41 адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы жети, ал эми пневмонияга чалдыккан 41 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб 12-июлда кабарлады. Алар:

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 37 жана 57 жаштагы эркек кишилер, 58 жаштагы аял киши;

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 57 жаштагы аял киши;

Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 64 жаштагы аял киши;

Жайыл аймактык ооруканасынан – 36 жана 52 жаштагы эркек кишилер;

COVID-19 жуктуруп каза болгондордун жалпы саны 132ни түздү. Расмий маалыматка ылайык, алардын арасында төрт медкызматкер бар. Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктуруп, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет.

Ал эми пневмониядан көз жумган 41 бейтаптын 19у Бишкекте, калган 22си республика боюнча катталды.

Ушуну менен март айынан бери пневмонияга чалдыгып, бирок коронавирус илдети аныкталбай каза болгон бейтаптардын жалпы саны 423кө жетти.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 10 629га жетти. Ооруканаларда 670 адам дарыланып жатат — алардын ичинде 24 бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулган.