Акыркы суткада пневмониядан 29, коронавирустан 15 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Акыркы сутка ичиинде коронавирус жуктурган 15 бейтап каза болду. Ошондой эле COVID-19 аныкталбаган, бирок пневмониядан улам 29 адам көз жумду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 13-июлда билдирди.

Каза болгон бейтаптар:

  • Кыргыз-түрк достук ооруканасынан — 4 ( эркектер — 56, 56, 46 жашта, аял, 60 жашта);
  • Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан — 2 (аялдар —70, 71 жашта);
  • Ак-Талаа аймактык ооруканасынан — 1 (эркек, 61 жашта);
  • Ат-Башы аймактык ооруканасынан — 1 (аял, 55 жашта);
  • Жайыл аймактык ооруканасынан — 5 (эркектер — 69, 67 жашта. Аялдар — 83, 50, 61 жашта);
  • Кадамжай аймактык ооруканасынан — 1 (эркек, 77 жашта);
  • Лейлек аймактык ооруканасынан — 1 (эркек, 75 жашта).

Ушуну менен коронавирусту жугуп каза болгон бейтаптардын саны 147ге жетти. Аталган инфекциядан көз жумгандардын эң көбү Бишкекте катталды — 50. Ошондой эле Чүй облусунда — 35, Ош облусунда — 19, Ош шаарында — 11, Нарын облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда он, Баткен облусунда беш, Талас жана Ысык-Көл облустарында экиден COVID-19 жуктурган адам кайтыш болду.

Ал эми пневмонияга чалдыгып өткөн суткада көз жумган бейтаптардын 16сы Бишкек шаарында катталды. Март айынан бери өпкө илдетинен жалпы 452 адам каза болду.

Алардын COVID-19га тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөткөн. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жана пневмонияга чалдыккандардын статистикасын бириктирүү маселеси каралып жатканын билдирген. Бирок азырынча сандар ар башка катталууда.