«Бийликти жок кылбасак оңолбойбуз». УКМК депутат Максат Сабировдун атынан тараган аудиожазууну иликтеп баштады

Максат Сабиров

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет парламенттин депутаты Максат Сабировдун атынан социалдык тармактарда таратылган аудиожазуу боюнча тергөө ишин баштады.

Мекеменин басма сөз кызматы Сабировдун билдирүүсүндө «конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө ачык чакырыктар» бар же жоктугун аныктоо үчүн экспертиза дайындаларын билдирди. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилип, мыйзам чегинде чара көрүлөөрү айтылды.

Ал эми Сабиров бийликке каршы чыгууга чакырык жасабаганын айтып чыкты. Эл өкүлүнүн айтымында, досу Бейшен Дүйшембиевди каракчылар үйүндө өлтүрүп кеткенден кийин ал ачуусу келип «Эмне болгон мамлекетте жашап жатабыз?» деген суроону гана узаткан.

«Өзүм да ооруп жатам. Менин эмне деп сүйлөгөнүм тарап жатканын билген жокмун. Мен бийликке каршы чыгам деген жокмун, "Ушу бийлик эмнеге иштебей жатат?" дедим. Эми каршы чыккандан деле кайра тартпай калдык окшойт. Эмне болуп атат? Ооруп жаткан кишини үйүнө кирип өлтүрүп жатышат. Биз бандиттерди "жардам берди" деп мактап чыгарып атабыз», — деген Сабиров «Азаттыкка» курган маегинде.

Сабиров «бандиттердин жардамы» деп кримтөбөл Камчы Көлбаев Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата аймактык ооруканасына медициналык каражаттардан жардам бергенин мисал кылышы ыктымал. Көлбаевдин кайрымдуулук кылганын коомдук ишмер Ассоль Молдокматова фейсбуктагы баракчасында маалымдаган. Андан көп өтпөй кримтөбөлгө медиктер ыраазычылык билдирип жатканы тартылган видео тараган.

«Мен азыркы бийликке каршымын!»

Буга чейин социалдык тармактарда өзүн депутат Максат Сабиров деп тааныштырган кишинин эки аудиокайрылуусу тараган. Анын биринчисинде Сабиров Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун тургундарына кайрылган. Ал эми экинчи кайрылуу ошол эле райондун Маман айлынын тургундарына даректелген.

*Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров 1967-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Маман айылында төрөлгөн. Ал 2010-жылы «Республика», ал эми 2015-жылы «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат болуп шайланган.

Ыктымал Сабиров айылдаштарына кайрылып, өзүн «азыркы бийликке чуркагандардын оппозициясымын» деп билдирген.

«Эч качан ушул силерди уят кылбаганга аракет кылдым. Башка депутаттарга окшоп “маколё-саколё” деп силерди уят кылган жокмун. Мына бүгүнкү күн Кудай тааламдын сыноосу болгондур, мен бүгүнкү күндөн баштап, мен ушул азыркы бийликтин, азыркы бийликке чуркагандардын оппозициясы болдум», — деген ал.

Ошондой эле ал 2010-жылдагы революциядан кийин «камала турган балдарды сактап калганын» белгилеп, учурда ал адамдар депутатка каршы чыкканын айтты.

«Бирок ушул айылыбыздын бийлик деп чуркап жүргөн балдарынын, бандиттердин аркасынан чуркап жүргөн балдарынын жүзүн көрдүм. Алар менин жанымда жүрүштү. 2010-жылы аларды камап коё турган убагында мен ошолорду сактап калдым, кийин алар мага каршы чыгышты [...] Ушул биздин айылыбызды, элибизди бузарлар жоголсун! Мен силердин балаңармын», — деген аудиожазмадагы үн.

«Мени өлтүрүп кетишсе да каршы чыгам!»

Ошондой эле өзүн депутатмын деп тааныштырган киши бийлик жана байлык үчүн деп жутунгандарга каршы чыгаарын айтып, эгерде аны бирөө-жарым өлтүрүп кетсе айылдаштарын күрөшүүгө чакырды.

«Ушуларга мен түбөлүккө каршы чыгам. Ушулар үчүн мен жанымды берем. Ант берем. Эгер мени өлтүрүп кетишсе же мен жөнүндө бир нерсе кылабыз дей турган болсо мен ошондо да каршы чыгам! Мени ар кандай деп айтасыңар, казактын баласы дейсиңер, кыргыздын баласы дейсиңер. Бирок мен ушул айылыма, районума, облусуна иштеш үчүн Ысык-Көл облусунда, атам төрөлгөн жерде, өзүм төрөлгөн жерде каным менен, жаным менен мен силерге ант берем!» — деген ал.

Мындан сырткары ыктымал Сабиров ушул күнгө чейин бийликтин «калыссыздыгына жана жамандыгына» каршы күрөшүп келгенин кошумчалады.

«Сиздерден суранарым ушул — мен өтүп кетсем же өлүп калсам дагы силер күрөшкүлө эми. Элибиздин биримдиги, кыргыз элинин ынтымагы үчүн. Бирок мен аягына чейин сатылган жокмун башка партияларга, башка принциптерге. Принцибим менен жүрдүм», — деген ал.

Ыктымал Сабиров «эртенки күндөн баштап ачыгын айта турганын» билдирип, «мамлекетти бузуп олтурган» бийлик өкүлдөрүн каттуу сындаган.

«Айланайын аксуулуктар, бириккиле, күрөшкүлө, көтөрүлгүлө! Бул бийликте ыйман жок. Ырыскы жок. Мен бүгүндөн баштап, ушул бийликке, мен мурда эле каршы болчумун, дагы каршы чыгам! Айланайын кыргыз элим, бир туугандарым, айланайындар, эгерде бул бийликти жок кылбасак, биз эч качан оңолбойбуз, өспөйбүз-өнбөйбүз. Балдарыбыз, мамлекетибиз жок болот», — деп айтылат кайрылууда.